Кыргызстанга Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу келди

 Кыргызстанга Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу келди

Бүгүн, 8-ноябрда Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу баштаган делегация Кыргызстанга иш сапары менен келди.

Сыйлуу конокту “Манас” аэропортунда КР өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана ички иштер министри Улан Ниязбеков жылуу тосуп алышты.

Кечке чейин тараптардын бир катар жолугушуулары белгиленип, Түркиядан келген делегация КР Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев менен жолугушуусу өтмөкчү.

  1. Тараптардын расмий жолугушуусу ар кыл багыттар боюнча кызматташтыкты чыңдоо максатында өтөт.

Маалыматка ылайык, буга чейин Түркиянын Ички иштер министрлигине караштуу Табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар департаментинин (AFAD) жана КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен түзүлгөн кызматташуунун алкагында ӨКМдин адистерин тоодо куткаруунун кышкы жана жайкы окуу курстарына, издөө-куткаруу иштерине окутуу жана тажрыйба алмашуу боюнча макулдашылган.

Связанный пост