Маданият

Бүгүн Токтосун Тыныбековдун 95 жылдыгына карата төкмө акындар айтышы өтөт

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук “Манас” театры, Республикалык “Айтыш” коомдук фонду, Токтосун Тыныбеков атындагы коомдук фонду менен биргеликте КР Президентинин «Улуттук нарк жөнүндө» Жарлыгынын алкагында, Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти, төкмө акын, обончу, комузчу, кыл кыякчы Токтосун Тыныбековдун 95 жылдыгына карата, «Айтыш – 2022» Республикалык төкмө акындар айтышын өткөрөт. Айтыштын жарым […]Читать далее

Коом

10-ноябрда Бишкектеги үч конушта суу өчүрүлөт

“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына ылайык, 10-ноябрда саат 9:00дөн 18:00гө чейин Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштарына таза суу берүү токтотулат. «Ак-Жар», «Ак-Бата» суу алгычтарында жана шаардын суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүү пландаштырылууда. Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.Читать далее

Коом

Улуттук банк алдамчылардан сак болууга чакырат

Акыркы убакта алдамчылар өздөрүн Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын кызматкерлери катары тааныштырып, телефон чалуулар жана мессенджерлер аркылуу акча которууну ырастоону суранып, жарандардын жеке маалыматын алууга аракет кылып жатышат. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирет. Мындай жол менен жарандар акча каражаттарын жоготуп алуу коркунучу бар. “Эч качан жеке маалыматыңызды, картаңыздын номерин, PIN-кодду, картанын жарактуулук […]Читать далее

Коом

Чүйдө көмүр сатуучуларга бааны төмөндөтүү тапшырылды

Чүй облусунун Сокулук жана Москва райондорунда көмүр сатуучуларга эки күндүн ичинде көмүрдүн баасын төмөндөтүү тапшырмасы берилди. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ ведомствонун төрагасы Кеңешбай Тайлаков аталган райондорго текшерүү жүргүздү. “Сокулук районунда Кара-Кеченин көмүрү тоннасы 4,4 миң сомдон сатылууда. Сокулук жана Москва райондорунда Казакстандын Шабыркүл көмүрүн саткан сатуучуларга эки күндүн […]Читать далее

Коом

Бишкекте 600дөн ашык жарнама демонтаждалды

Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык ишканасынын кызматкерлери вице-мэр Нурдан Орунтаевдин жетекчилиги астында уруксат берилбеген жарнамалык түзүлүштөрдү демонтаждоо боюнча рейддерди жүргүзүштү.  Биринчи май районунун аймагындагы Киев көчөсүндө Ч.Айтматов проспектисинен Логвиненко көчөсүнө чейин 37 жарнама конструкциясы, ошондой эле 51 баннер демонтаждалган. Свердлов районунда Бөкөнбаев, Москва, Токтогул, Киев көчөлөрүнүн Ибраимов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө […]Читать далее

Спорт

Акжол Махмудов батирлүү болду

Грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Акжол Махмудов батирлүү болду. Бул тууралуу спортчу соцтармактагы баракчасына жазды. Махмудов эки бөлмөлүү батирди белекке алганын билдирген. “АЮ Курулуш” компаниясы мага жана менин командамдын мүчөлөрүнө батирдин ачкычын тапшырды. Үй толук бүткөрүлүп, эмеректер жайгаштырылган. Биз үчүн бул белек алдыга умтулууга жакшы стимул берет”, – деп жазган спортчу.Читать далее

Коом

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу берүү токтотулат

Бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаарынын түштүк-батыш бөлүгүнө ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт. Маалыматка ылайык, шаршембиде саат 09:00дөн 20:00гө чейин Ахунбаев көчөсү, Ш. Руставели, Бакаев көчөлөрү, Грибоедов, Ажыбек-Баатыр көчөлөрү чектешкен аймакта суу өчүрүлөт. Тактап айтканда, төмөнкү даректерде суу болбойт: Ч.Айтматов проспкктиси -95/1, 96/1. Жунусалиев көчөсү – 6,78, 80, 82, 82А, 82/1, 84, 84А, […]Читать далее

Маданият

Бишкекте “Жаштар жумалыгы” өтүүдө

“Келечек” мамлекеттик жаштар платформасынын алкагында, Кыргызстан Жаштар күнүнүнө карата 2022-жылдын 7-12-ноябрында Бишкек шаарында билим берүү, креативдүү индустрия, ден соолук темаларына арналган “Жаштар жумалыгы” өтүп жатат. Ошондой эле, жумалыктын алкагында “Жаштар уюмдарынын жарманкеси” уюштурулууда. Жаштар жумалыгы ар кандай тематикалык иш-чаралар жана демилгелер аркылуу жаштарга сунушталган мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берүү максатында өткөрүлүүдө.  Маданият, маалымат, спорт жана жаштар […]Читать далее

Саясат

Түркиянын ички иштер министри “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине барды

Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлунун жумушчу сапарынын алкагында, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу “Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды. Иш-чарага КР ички иштер министри Улан Ниязбеков жана ИИМдин кызматтарынын жетекчилери катышты. Иш-чаранын катышуучулары 1916-жылдагы коогалаңда курман болгондорду эскерүү мемориалына, Саясий репрессиянын курмандыктарынын эстелик мемориалына, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө жана 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын […]Читать далее

Саясат

Садыр Жапаров Түркиянын Ички иштер министри Сулейман Сойлуну кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-ноябрда, өлкөгө сапар менен келген Түркия Республикасынын Ички иштер министри Сулейман Сойлуну кабыл алды. Практикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы коомдук коопсуздук, жарандык коргонуу жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү жаатындагы макулдашууларды ишке ашыруу жана башка актуалдуу багыттар боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы Түркиянын ИИМ башчысы менен […]Читать далее