Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу берүү токтотулат

 Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу берүү токтотулат

Бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаарынын түштүк-батыш бөлүгүнө ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, шаршембиде саат 09:00дөн 20:00гө чейин Ахунбаев көчөсү, Ш. Руставели, Бакаев көчөлөрү, Грибоедов, Ажыбек-Баатыр көчөлөрү чектешкен аймакта суу өчүрүлөт.

Тактап айтканда, төмөнкү даректерде суу болбойт:

Ч.Айтматов проспкктиси -95/1, 96/1.
Жунусалиев көчөсү – 6,78, 80, 82, 82А, 82/1, 84, 84А, 183, 171/1, 175/2, 177/1.
Ажыбек-Баатыр көчөсүндө – 1А, 1/5, 1/6, 1Б, 3/1, 3/2, 7, 9, 10.
Ахунбаев көчөсү – 144, 146, 146А, 148, 184, 184А.
Ш.Руставели көчөсү – 103А, 105, 105А, 107.
Бакаев көчөсү – 130.

Суу Жунусалиев көчөсү, 183 дарегинде жүрүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Связанный пост