Түркиянын ички иштер министри “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине барды

 Түркиянын ички иштер министри “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине барды

Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлунун жумушчу сапарынын алкагында, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу “Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды.

Иш-чарага КР ички иштер министри Улан Ниязбеков жана ИИМдин кызматтарынын жетекчилери катышты.

Иш-чаранын катышуучулары 1916-жылдагы коогалаңда курман болгондорду эскерүү мемориалына, Саясий репрессиянын курмандыктарынын эстелик мемориалына, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө жана 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына гүл коюшту.

Связанный пост