Саясат

Акылбек Жапаров: Биринчи Элдик курултай мамлекеттүүлүгүбүздү өнүктүрүүгө олуттуу салым кошууга

Жети миллион калкы бар мамлекетибиздин биримдигин чыңдоого бардык күчүбүздү жумшайбыз. Келечекте биз туулган жерибиздин ар бир метри үчүн күрөшө турган муунду тарбиялайбыз. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Биринчи Элдик Курултайда сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Министрлер Кабинетинин башчысы Биринчи Элдик Курултай мамлекеттүүлүгүбүздүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп, ар бир делегат элдин үнүн жеткире алат деген ишенимин […]Читать далее

Маданият

Опера жана балет театрынын декабрь айындагы репертуары

А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын 2022-жылдын декабрь айындагы репертуары. 2-декабрь. Малахит залы. Операнын солисти, Эл аралык сынактардын лауреаты Ирина Рыбинанын жеке концерти. Башталышы 18:00. 3-декабрь. Опера ырчысы, СССРдин эл артисти Токтонаалы Сейталиевдин туулган күнүнүн 85 жылдыгына арналган гала-концерт. Башталышы 18:00. 4, 6, 7 -декабрь. Дүйнөлүк премьера! Балет сенсациясы «Genesis»! Башталышы […]Читать далее

Спорт

Кыргызстандык гимнаст кыздар Грузияда өткөн эл аралык мелдеште алтын медалга

Көркөм гимнастика боюнча “Ынтымак” спорт мектебинин окуучулары Аяна Токушева жана Даткайым Жүзүпбекова 19-23-ноябрь күндөрү Тбилиси шаарында (Грузия) өткөн «NEW LOOK International Cup 2022» аталышындагы өспүрүмдөр арасындагы эл аралык мелдеште 2 алтын медаль жеңишти. Ошондой эле, Аяна Токушова «Мисс Грейс» наамын алды. Мелдешке 14 мамлекеттен (Кыргызстан, Грузия, Азербайджан, Эстония, Украина, Израил, Өзбекстан, Казакстан, АКШ, БАЭ,Кувейт, Туркия, […]Читать далее

Спорт

Андрей Курнявканын бейгесине арналган бокс боюнча Кыргызстандын кубогу старт алды

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда СССРдин бокс боюнча Дүйнө чемпиону, кыргызстандык мушкер Андрей Курнявканын байгесине арналган Кыргызстандын кубогу старт алды. Аталган мелдеш өспүрүмдөр (2008-2009 ж.т.) арасында өтүүдө. Кубоктун ачылуу аземине Дене тарбия спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев, Кыргызстандын бокс федерациясынын президенти Умбеталы Кыдыралиев, бокс боюнча дүйнөнүн 7 жолку чемпиону, СССРдин эмгек сиңирген […]Читать далее

Саясат

Акылбек Жапаров: Эки жылда элибиздин түңүлүп калган үмүтүн жандандырдык

Эки жылда элибиздин түңүлүп калган үмүтүн жандандырдык, – бул туурасында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында өтүп жаткан Биринчи Элдик Курултайда сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Ал белгилегендей, республикабыз түптөлгөн мезгилинде коррупция, регионализм, миграция жана жумушсуздук сыяктуу көптөгөн олуттуу сыноолорду өз башынан өткөрдү. «Кечээ парламенттин депутаттары 2021-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы жана 2023-жылга бюджеттин долбоору боюнча Министрлер […]Читать далее

Коом

Делегат: Талас шаарында бала бакчада болгону 1300 орун болсо, кезекте

 Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда биринчи Элдик курултай өтүп жатат. Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин аймактардан шайланып келген делегаттарга сөз берилди. Талас шаарынан келген делегат Жакыпбек Айдаров өз аймагындагы көйгөйлөр менен бөлүшүп кетти. “Талас шаарында 1970-жылдары 75 чакырымга жер алдындагы суу түтүгү курулган. Азыркы күндө эскилиги жетти. 7 чакырымга созулган канализация учурда иштебей турат. Ал […]Читать далее

Саясат

Президент: Мындан ары эң маанилүү болгон кен-байлыктарыбыз мамлекеттин өнүгүүсү үчүн

“Мындан ары эң маанилүү болгон кен-байлыктарыбыз мамлекеттин өнүгүүсү үчүн иштейт. Ачыла элек, иштетиле элек кен-байлыктарыбызды, буюрса, мамлекет өзү иштетет. Албетте, алардан түшкөн кирешелер элдин кызыкчылыгына, мамлекеттин экономикасынын көтөрүлүшүнө, стратегиялык багыттарга жумшалат”, – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-ноябрда, өлкөнүн Биринчи Элдик Курултайында сүйлөгөн сөзүндө. Мамлекет башчысы өткөн мезгилде жетишилген эң маанилүү ийгиликтерди […]Читать далее

Саясат

Президент Садыр Жапаров: Курултай – бабаларыбыздан мурас калган мамлекеттик башкаруунун

Президент Садыр Жапаров бүгүн 25-ноябрда, өлкөнүн биринчи Элдик курултайында кайрылуу жасады. Мамлекет башчысынын кайрылуусу: “Кадырлуу калайык-калк! Жети дубандан шайланып келген ардактуу журт жакшылары! Биринчи Элдик Курултайдын урматтуу катышуучулары! Байыркы карт тарыхтын бүктөмдөрүндө изи жаткан, Алтайдан Ала-Тоого чейинки узак жолду басып өткөн, даңазасы урпактарын сыймыкка бөлөгөн ата-бабаларыбыздын түп мүдөөсү: “Улуттун уркун кылымдарга улаган, түркүгү бекем мамлекет […]Читать далее

Саясат

Президент: Суу башында туруп электр энергиясын сатып алуу уят иш

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда биринчи Элдик курултай өтүп жатат. Курултайда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушунун башталышы – өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгына жасалган чоң кадам болгону тууралуу кеп кылды. “Суу башында туруп электрэнергиясын импорттоо – биз үчүн уят иш, бетке чиркөө көрүнүш. Биз Кудай берген ырыскыбызды – Кыргызстандагы электр кубатын өндүрүү […]Читать далее

Саясат

Садыр Жапаров: Мындан ары сырттан темир сатып албайбыз

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда биринчи Элдик курултай өтүп жатат. Курултайда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, өлкөдөгү бардык курулуштарга сырттан темир сатып албай, өз темир кендерибиз пайдаланылаары тууралуу кеп кылды. “Темир жол курулушуна, ГЭСтерибизди курууга, өлкөдөгү бардык курулуштарга сырттан темир сатып албай, өз темир кендерибизди пайдаланууну көздөп жатабыз. Себеби бүгүнкү күндө темир сатып алууга […]Читать далее