Президент: Мындан ары эң маанилүү болгон кен-байлыктарыбыз мамлекеттин өнүгүүсү үчүн иштейт

 Президент: Мындан ары эң маанилүү болгон кен-байлыктарыбыз мамлекеттин өнүгүүсү үчүн иштейт

“Мындан ары эң маанилүү болгон кен-байлыктарыбыз мамлекеттин өнүгүүсү үчүн иштейт. Ачыла элек, иштетиле элек кен-байлыктарыбызды, буюрса, мамлекет өзү иштетет. Албетте, алардан түшкөн кирешелер элдин кызыкчылыгына, мамлекеттин экономикасынын көтөрүлүшүнө, стратегиялык багыттарга жумшалат”, – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-ноябрда, өлкөнүн Биринчи Элдик Курултайында сүйлөгөн сөзүндө.

Мамлекет башчысы өткөн мезгилде жетишилген эң маанилүү ийгиликтерди белгиледи.

“Биринчиден, бүгүнкү күндө “Жеримдин суусу – дары, таштары – алтын” деп ар бир кыргыз жараны Кыргызстандын ажайып жаратылышы менен сыймыктанып, кен байлыктары менен мактанып келет. Ошол эле маалда: “мактанган кен байлыктарыбызды канткен күндө өлкөбүздүн кызыкчылыгы үчүн иштетебиз” деген суроо ар бирибиздин оюбузда турат.

Элибиздин минтип санааркап түйшөлүүсү жөндүү! Коррупциянын айынан башка өлкөнүн экономикасын байытууга кызмат кылып келген “Кумтөр” сыяктуу алтын кенибизди өзүбүзгө кайтарып алууга канчалаган эр-азаматтар башын сайып, татаал тагдырларга кайыл болуп, өмүрлөрүн арнашты эле. Кудайга шүгүр дейли, кеч болсо да Ата Журтубуздун билими терең, ак-караны ажырата билген, дили таза, бир нече тилде эркин сүйлөгөн уул-кыздарынан топтолгон команданын талыкпаган эмгегинин аркасында, элибиздин ири кен байлыгын Кыргызстандын өз ээлигин кай тарып алдык. Кен байлыктарыбызды иштетүүдө, сөзсүз түрдө мамлекеттин үлүшү болушун шарттаган, ченемдик укуктук актылар кабыл алынды.

Мындан ары элдин энчисине айланган, мамлекеттин менчиги болгон кен байлыктарды башкаруу толугу менен катуу көзөмөлдө болот.

Ушуну менен бирге Садыр Жапаров, өлкө экономикасын алга жылдырууга өбөлгө боло турган кен байлыктарды иштетүүдө инвесторлорго шарт түзүү, инвестиция тартуу маселелерине олуттуу көңүл бурулууда, деп баса белгиледи.

“Биз келечекте күчтүү, өнүккөн мамлекет болобуз десек, өлкөдөгү бардык ири кен байлыктарды мамлекеттин кызыкчылыгына иштетип, ошону менен бирге эле жергиликтүү элдин суроо-талаптарын да орундатуубуз зарыл. Ошондо элибиздин талабын орундаткан болобуз, ошондо нааразычылыктар жаралбайт, жаркын келечекке үмүт, ишеним пайда болот!”, – деп Президент Садыр Жапаров сөзүн жыйынтыктады.

Связанный пост