Товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттер 2023-жылдын 1-январынан тартып Салык кызматынын маалыматтык системасында каттоодон өтүүгө жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонууга милдеттүү. “ЭТТК” системасында каттоодон өтүү Салык кызматынын сайтындагы “жеке кабинет” аркылуу ишке ашырылат. Белгилей кетсек, “ЭТТК” маалыматтык системасы электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды тариздөөгө, аларды реалдуу режимде контрагентке берүүгө мүмкүндүк берүүчү салык кызматынын бирдиктүү порталы […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» КР Мыйзамынын 47-беренесине ылайык, Бакытбек Жеңишбекович Жетигенов Ош шаарынын мэри болуп дайындалды.Читать далее
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» КР Мыйзамынын 47-беренесине ылайык, Ош шаарынын мэри Мамбетов Алмаз Ишенбекович ээлеген кызматынан бошотулду.Читать далее
ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери түзөтүү мекемелеринин биринде жазасын өтөп жаткан жарандын жасалма акча жана баалуу кагаздарды жасоо менен алектенгендигин аныкташты. Аталган факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси менен (акчаны жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Сауд Арабия Королчулугунун инвестиция министринин орун басары Бадр Аль-Бадр жетектеген делегацияны кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мындан аркы көп тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, Кыргызстан жаратылыш ресурстарына бай, бул ага Борбордук Азия аймагында бир катар атаандаштык артыкчылыктарды берет. «Кыргызстан Саудиянын ири компанияларын соода, инвестиция, айыл чарба, […]Читать далее
Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айыл аймагында эки суу мунарасынын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев, АРИС уюмунун директору Марс Наспеков, Аламүдүн районунун акими Бактыбек Анаркулов жана башкалар катышышты. Мындан тышкары, 28 чакырым негизги суу түтүктөрү жаңыртылды. Долбоор АРИС тарабынан каржыланып, жалпы суммасы 60 млн 354 миң […]Читать далее
Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылында жайгашкан “Латифа” кафесинен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 10:17де Жумгал райондук №43 ӨКБдан 2 бөлүм тартылган. Өрт саат 11:35те чектөөгө алынып, 12:05те толугу менен өчүрүлгөн. Такталган маалымат боюнча кырсыктан жабыркагандар жок жана өрттүң келип чыгуу себеби такталууда.Читать далее
Улуттук илимдер академиясынын жалпы чогулушунун жүрүшүндө уюмдун президентин шайлоо өттү. Мыйзамга ылайык, министрлер кабинети Канатбек Эрмекович Абдрахматовдун талапкерлигин сунуштады. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча КР Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп Канатбек Абдрахматов шайланды.Читать далее
Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драм театрынын залында Ленин районунун №77, 96, 84, 102, 93 , 79, 97 мектептеринин окуучулары үчүн Жаныш Кулмамбетовдун романы боюнча “Алай жолборсу” спектакли коюлду. Иш-чара КРдин Президенти Садыр Жапаровдун “Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө” жана “Улуттук нарк- улуттун жүзү” Жарлыктарынын алкагында ишке ашырылды. Окуучуларды мугалимдер, ата-энелер жана балдар […]Читать далее
Илим – бул улуттук ресурс, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн негизги башаты. Бул туурасында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Улуттук илимдер академиясынын жалпы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Ал белгилегендей, Министрлер Кабинети билим, илим, инновация тармагына артыкчылыктуу багыт катары карап, аларды өлкөнүн экономикасын алдыга сүйрөй турган кыймылдаткыч күчкө айлантуу үстүндө иш алып барууда. «Албетте, илимге каражат аз бөлүнөт. […]Читать далее