Ошто соттолгон жарандын жасалма акча жасоого катыштыгы аныкталды

 Ошто соттолгон жарандын жасалма акча жасоого катыштыгы аныкталды
ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери түзөтүү мекемелеринин биринде жазасын өтөп жаткан жарандын жасалма акча жана баалуу кагаздарды жасоо менен алектенгендигин аныкташты.
Аталган факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси менен (акчаны жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында 2022-жылдын 25-октябрында кечки саат жетилер чамасында Ош шаарынын Сайгон көчөсүнөн А.З., аттуу жаран 4800 доллар өлчөмүндө жасалма акча менен кармалган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө А.З аттуу жаран “Акчанын жасалма экендигин билген эмесмин, мен ушул даректен акча алып кетүүгө келгенмин, кызмат акымды төлөп беришмек”,-деп билдирген.
 Тергөөнүн алкагында аталган кылмышка каракчылык менен соттолуп абакта олтурган Т.Д.нын түздөн-түз тиешеси бар экендиги аныкталды.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бул кылмышка тиешеси бар дагы башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам иш-чаралар уланууда. Экспертизанын жыйынтыгына ылайык 4 миң 800 АКШ доллары өлчөмүндөгү каражат жасалма экени аныкталган. Учурда тергөө иш чаралар жүрүп жатат.

Связанный пост