Саясат

Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтүп жатат

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйыны башталды. Отурумдун ишине ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери катышууда. Учурашуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин мамлекеттердин башчылары ЖЕЭКтин тар курамдагы сессиясына катышуу үчүн залга өтүштү. Жыйындын күн тартибинде 17 маселе каралмакчы. Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өтүп жаткан жыйынга Россиянын президенти Владимир […]Читать далее

Саясат

Кыргызстанга Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келди

Кыргызстанга Өзбекстан Республикасынын Премьер-Министри Абдулла Арипов келди. «Манас» Эл аралык аэропортунда сыйлуу конокту КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациянын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды. Өзбекстан Республикасынын Премьер-Министри Абдулла Арипов Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн Евразиялык экономикалык биримдикке байкоочу мамлекеттин делегация башчысы катары келди.Читать далее

Билим

400дөн ашуун мектепке жана 100 китепканага 272 миң балдар китеби

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов АКШ элчилигинин орун басары Соната Коултер жана Мерсиконун Кыргызстандагы өкүлдөрү менен Макговерн-Доулдун программасынын алкагында 2023-жылга карата иш программасын талкуулады. Жолугушууда Соната Култер АКШнын Айыл чарба департаментинин Макговерн-Доулдун “Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу” программасынын алкагында 400дөн ашык башталгыч мектептер жана 100 китепканалар үчүн балдар китептерин тапшырды. Уланбек Мамбетакунов […]Читать далее

Саясат

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкекке келди

Кыргызстанга Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев келди. «Манас» Эл аралык аэропортунда Президент Касым-Жомарт Токаевди КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы – КР Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды. Касым-Жомарт Токаев Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келген.Читать далее

Саясат

Бишкекке Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келди

Кыргызстанга Армения Республикасынын Премьер-Министри Никол Пашинян келди. «Манас» Эл аралык аэропортунда Премьер-Министр Никол Пашинянды КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы — КР Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды. Никол Пашинян Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келген.Читать далее

Билим

Бүгүн жана эртең Бишкектин бардык мектептери онлайн окуйт

9-10-декабрда Бишкектин бардык мектептери онлайн окуйт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынан билдиришти. Бул Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынын өткөрүү менен байланыштуу. Эске салсак, буга чейин иш-чарага байланыштуу жолдор жабылып, коомдук транспортко чектөөлөр киргизилээри айтылган.Читать далее

Саясат

Бүгүн Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтөт

Бүгүн Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйыны өтүп, ага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. ЖЕЭК жыйынына Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров төрагалык кылат. Отурум УТРК, республикалык, облустук каналдардын эфиринде жана социалдык түйүндөрдүн баракчаларында түз көрсөтүлөт. Жыйын саат 12:00дө башталат. Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өтчү жыйынга […]Читать далее

Маданият

Мамашарип Чотонов оорудан улам каза тапты

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору Чотонов Мамашарип Мамытович оорудан улам дүйнө салды. Чотонов Мамашарип Мамытович 1968-жылы 9-апрелде Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кызыл-Жар айылында туулган. 2014 -жылдын 15- апрелинен тарта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна ылайык, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору болуп эмгектенип жаткан. Экономика илимдеринин […]Читать далее

Саясат

Кыргызстанга Россиянын президенти Владимир Путин келди

Кыргызстанга Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин келди. «Манас» Эл аралык аэропортунда Россия Федерациясынын президенти Владимир Путинди Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттик Администрациянын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды. Владимир Путин Бишкек щаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келди.Читать далее

Саясат

Садыр Жапаров ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясниковичти кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-декабрда, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичти кабыл алды. Тараптар Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин алдыда боло турган отурумунун күн тартибин, ошондой эле, Евразия экономикалык биримдигинин учурдагы абалын жана мындан аркы өнүгүү келечегин талкуулашты. Мамлекет башчысы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин быйылкы жыйынтыктоочу жыйыны акыркы үч жылда биринчи жолу көзмө-көз өтүп жатканын […]Читать далее