Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкекке келди

 Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкекке келди

Кыргызстанга Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев келди.

«Манас» Эл аралык аэропортунда Президент Касым-Жомарт Токаевди КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы – КР Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.

Касым-Жомарт Токаев Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келген.

Связанный пост