Бишкекке Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келди

 Бишкекке Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келди

Кыргызстанга Армения Республикасынын Премьер-Министри Никол Пашинян келди.

«Манас» Эл аралык аэропортунда Премьер-Министр Никол Пашинянды КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы — КР Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.

Никол Пашинян Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келген.

Связанный пост