400дөн ашуун мектепке жана 100 китепканага 272 миң балдар китеби берилет

 400дөн ашуун мектепке жана 100 китепканага 272 миң балдар китеби берилет

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов АКШ элчилигинин орун басары Соната Коултер жана Мерсиконун Кыргызстандагы өкүлдөрү менен Макговерн-Доулдун программасынын алкагында 2023-жылга карата иш программасын талкуулады.

Жолугушууда Соната Култер АКШнын Айыл чарба департаментинин Макговерн-Доулдун “Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу” программасынын алкагында 400дөн ашык башталгыч мектептер жана 100 китепканалар үчүн балдар китептерин тапшырды. Уланбек Мамбетакунов билим берүү тармагына көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.

“Өлкө жетекчилиги балдардын жана жаштардын өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурат, анткени алар келечек ээлери. Окуучулардын ар тараптуу өнүгүүсү биз үчүн маанилүү. Китеп балдардын ички дүйнөсүн, руханий маданиятын байытат. Ал эми мектептеги тамактануу программалары жаш муундун ден соолугуна кам көрүүгө салым кошот”, – деди министр.

Алыскы аймактардагы балдарга 72 аталыштагы 272 миң даана балдар китептери берилет. Программанын максаттуу мектептерине жана китепканаларына кыргыз жана орус тилдеринде 546 китеп берилет. Бул китептер АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) колдоосу менен кыргызстандык авторлор жана сүрөтчүлөр тарабынан “Окуу Керемет” долбоорунун алкагында жасалган.

Связанный пост