Кыргызстанга Россиянын президенти Владимир Путин келди
![Кыргызстанга Россиянын президенти Владимир Путин келди](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2022/12/4af9a580-ae79-4b44-9489-52d2d1de5e78-850x560.jpeg)
Кыргызстанга Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин келди.
«Манас» Эл аралык аэропортунда Россия Федерациясынын президенти Владимир Путинди Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттик Администрациянын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.
Владимир Путин Бишкек щаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келди.