Саясат

Биржалык тооруктарда баалуу металлдарды сатуунун тартиби жөнүндөгү Жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун баалуу металлдарын биржалык тооруктарда сатуунун тартиби жөнүндөгү Жобосу бекитилди. Тиешелүү чечим Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды. Мындай чечим баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү жана баалуу металлдарды сатуу механизмин өркүндөтүү максатында кабыл алынды. Баалуу металлдарды сатуунун тартиби жөнүндөгү Жобо Кыргыз Республикасынын Баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун […]Читать далее

Маданият

КР эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаев көз жумду

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актёр Азиз Мурадиллаев көз жумду. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды. “Азиз Мурадиллаев дүйнө салды. Бул тууралуу анын жубайы Элвира билдирди. Азиздин акыркы тилеги анын сөөгүн Ала-Арча көрүстөнүнө коюу болуптур. Мен бул боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылам. Анткени Ала-Арча көрүстөнүнө Элдик наамы бар гана адамдары […]Читать далее

Маданият

Кыргыз ССРнин эл артисти Нурдин Түгеловдун 100 жылдыгы белгиленүүдө

Кыргыз ССРнин эл артисти, кыргыз совет балет артисти, балетмейстер жана педагог Нурдин Түгеловдун 100 жылдыгы белгиленүүдө. Анын урматына 16-декабрь саат 18-00до Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында 1966-жылы өзү негиздеген «Ак марал» мамлекеттик бий ансамблинин концерти болот. Ал эми 18-декабрь күнү анын элесине арналган, М. Раухвергердин «Чолпон» балети Кыргыз улуттук опера жана балет […]Читать далее

Коом

Бүгүн кечинде Чүй проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат

Бүгүн кечинде Чүй проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 16-декабрда саат 19.00дө борбордук Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы балатысын жандыруу аземи өтөт. Буга байланыштуу Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү кечки саат алтыдан иш-чара аяктаганга чейин жабык болот. Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт […]Читать далее

Билим

Садыр Жапаров: Сапаттуу билим – өлкө келечегинин маанилүү бөлүгү

“Өлкө жетекчилиги мамлекетти өнүктүрүүгө салым кошом деген жигердүү, демилгелүү, аракетчил, мекенчил жаштарды ар дайым колдойт. Биз адам ресурстарына инвестиция кылуу ийгилигибиздин ачкычы экенин жакшы билебиз”, – деп Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-декабрда, өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине президенттик стипендия тапшыруу аземинде билдирди. Быйыл өлкөнүн бардык университеттеринен 70 студент президенттик стипендиат болушту. Салтанаттуу иш-чарада Мамлекет […]Читать далее

Билим

70 студент президенттик стипендия алды

Бүгүн, 16-декабрда Президент Садыр Жапаров 2021-2022-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларынын 70 студентине президенттик стипендия тапшырды. Республиканын мыкты студенттерине мактоо баракчасы жана 60 миң сом өлчөмүндө стипендия тапшырылды. Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы стипендия алган студенттердин жана алар билим алган жогорку окуу жайлардын тизмесин жарыялады. Алар: Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук […]Читать далее

Саясат

Нурланбек Шакиев “Кайыңды-Кант” ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Бүгүн, 16-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Панфилов районундагы “Кайыңды-Кант” ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Кайыңды шаарында жайгашкан кант заводу 1963-жылдан бери кумшекер өндүрүп келет. 2012-жылы заводдун тетиктери жаңыланып, өндүрүштүн сапатын жакшыртуу багытында алгылыктуу жумуштар жасалган. Учурда ишканада миңден ашуун кызматкер эмгектенип, Кант шаарындагы завод менен бирге республиканы кумшекер менен 60% камсыздайт. […]Читать далее

Дүйнөдө

Кыргызстандын деңизге чыгуусу үчүн Халиф портунан 30 гектардан ашык жер

Кыргызстандын деңизге чыгуусу үчүн Халиф портунан 30 гектардан ашык жер бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Финансы министринин орун басары Руслан Татиков БАЭ менен сооданы өнүктүрүү жана экономикалык байланыштарды чыңдоо алкагындагы жолугушуудагы келишимге катышты. Жолугушууда эмираттык компания Абу-Дабинин эркин экономикалык аймагында логистикалык борборду жана бажы тармагын өнүктүрүү максатында Халиф портунан 30 гектардан ашык жерди Кыргызстанга […]Читать далее

Саясат

Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди Казакстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-декабрда, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алышты. Президент Садыр Жапаров Президент Касым-Жомарт Токаевди Казакстандын Эгемендүүлүк күнү менен кызуу куттуктап, ага бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди, ал эми, боордош казак элине – бакубатчылык жана […]Читать далее

Саясат

Эмилбек Орозбаев «Жашыл энергетика фонду» мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды

Орозбаев Эмилбек Баатыралиевич «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду» мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.Читать далее