Кыргыз ССРнин эл артисти Нурдин Түгеловдун 100 жылдыгы белгиленүүдө

 Кыргыз ССРнин эл артисти Нурдин Түгеловдун 100 жылдыгы белгиленүүдө

Кыргыз ССРнин эл артисти, кыргыз совет балет артисти, балетмейстер жана педагог Нурдин Түгеловдун 100 жылдыгы белгиленүүдө.

Анын урматына 16-декабрь саат 18-00до Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында 1966-жылы өзү негиздеген «Ак марал» мамлекеттик бий ансамблинин концерти болот.

Ал эми 18-декабрь күнү анын элесине арналган, М. Раухвергердин «Чолпон» балети Кыргыз улуттук опера жана балет театрында коюлат.

Нурдин Түгелов 1935-1941-жылдары Ленинград хореографиялык окуу жайында окуган. 1941-1942-жылдары жана 1945-жылдан Кыргыз опера жана балет театрынын (Фрунзе) балет труппасынын солисти, 1950-жылдан балетмейстер, 1958-1964-жылдары ушул театрдын башкы балетмейстери болгон. 1946-жылдан Фрунзе хореографиялык окуу жайында сабак берген. 1966-жылы Кыргыз Республикасындагы жалгыз профессионал бий тобу болгон «Ак марал» мамлекеттик бий ансамблин негиздеген.

Связанный пост