Биржалык тооруктарда баалуу металлдарды сатуунун тартиби жөнүндөгү Жобо бекитилди

 Биржалык тооруктарда баалуу металлдарды сатуунун тартиби жөнүндөгү Жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун баалуу металлдарын биржалык тооруктарда сатуунун тартиби жөнүндөгү Жобосу бекитилди. Тиешелүү чечим Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Мындай чечим баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү жана баалуу металлдарды сатуу механизмин өркүндөтүү максатында кабыл алынды.

Баалуу металлдарды сатуунун тартиби жөнүндөгү Жобо Кыргыз Республикасынын Баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун баалуу металлдарын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти тарабынан “Кыргыз фондулук биржасы” жабык акционердик коомунун сайтында сатуунун тартибин аныктайт жана талаптарын белгилейт.

Ошондой эле белгилей кетүүчү жагдай, баалуу металлдарды сатуунун тартиби жөнүндөгү Жобонун талаптары Республикасынын Баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун баалуу металлдары биржалык тооруктарында сатылган учурда гана колдонулат.

Связанный пост