Саясат

Садыр Жапаров Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров 18-декабрда футбол боюнча Дүйнө чемпионаты — 2022 алкагында Доха шаарында (Катар Мамлекети) Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту. Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү эки жана көп тараптуу кыргыз-түрк өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери жөнүндө сүйлөшүштү. Садыр Жапаров менен Режеп Тайип Эрдоган жогорку саясий деңгээлде активдүү диалогду улантууну шартташты.Читать далее

Саясат

Садыр Жапаров Катардагы дүйнө чемпионатынын финалдык беттешине барды

Президент Садыр Жапаров чет өлкөлөрдүн чакырылган башка лидерлери менен катар Катар Мамлекетинин борбору Доха шаарында футбол боюнча Дүйнө чемпионаты — 2022 финалдык беттешине барды. Аргентина менен Франциянын улуттук курамаларынын ортосундагы финалдык беттеш, Аргентинанын курамасынын жеңиши менен аяктады. Эске салсак, Мамлекет башчысы Катарга иш сапарын өлкө Эмири шейх Тамим бен Хамад Аль Танинин жеке чакыруусу менен […]Читать далее

Спорт

Аргентина футбол боюнча дүйнө чемпиону болду

Аргентинанын курамасы футбол боюнча дүйнө чемпиону болду. Катарда өткөн чемпионаттын финалында Франция менен Аргентинанын командалары беттешти. Оюндун негизги бөлүгү 3:3 менен аяктады. Андыктан 11 метрлик соккулар белгиленди. Жыйынтыгында 4:2 эсебинде Аргентина курамасы чемпион аталды. Эскерте кетсек, 2018-жыл өткөн дүйнө чемпионатын Франциянын курамасы жеңген.Читать далее

Коом

Азиз Мурадиллаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 19-декабрда өтөт

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 19-декабарда саат 11:00дө Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актёр Азиз Мурадиллаев оорудан улам […]Читать далее

Саясат

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Катарга барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-декабрда, Катардын Эмири шейх Тамим бен Хамад Аль Танинин чакыруусу менен Катар Мамлекетине иш​ сапары менен барды. ​ Мамлекет башчысынын учагы Доха шаарындагы ​ «Хамад Интернешнл» эл​ аралык аэропортуна конду. ​ Килем төшөлүп, ардак кароол тизилген. ​ Президент Садыр Жапаровду траптан Катардын спорт жана жаштар министри Салах бин Ганим Аль Али […]Читать далее

Саясат

Президент Мамлекеттик гимндин 30 жылдыгы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров, бүгүн, 18-д­екабрьда, кыргызстан­дыктарды өлкөнүн Мам­лекеттик гимнинин 30 жылдыгы менен кутту­ктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу:​ “Урматтуу мекендеште­р! Кадырлуу калайык-кал­к! Өз алдынча эгемендүү өлкө болуп, эркинди­кке кулач жайып, дем­ократия жолуна түшкө­нү мамлекетибиздин символикалык белгилер­ин кабыл алып, келеч­екке жол алганбыз. Мына бүгүн ошол ыйык белгилерибиздин бири болгон Мамлекеттик гимнибизге 30 жылдын жүзү болуп олтурат. Бардыгыңыздарды жаңы­рса […]Читать далее

Саясат

Садыр Жапа­ров Мигранттардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду

Президент Садыр Жапаров, бүгүн, 18-декабрьда, Мигранттардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду. Мамлекет башчысынын кайрылуусу:​ “Урматтуу кыргызстандыктар! Журт тышында иштеп жүргөн ардактуу мекендештер!​ Дүйнөлүк мейкиндиктеги миллиондогон эмгек миграциясы – жокко чыгарууга болбой турган, калыптанып калган көрүнүш. Ошентсе да, мигранттардын укуктук абалын жакшыртуунун үстүндө дайыма ырааттуу иш жүрүп турушу абзел. Эл эмгек миграциясынын агымы менен барган […]Читать далее

Коом

Жаңы жылдык эс алуу күндөрү расмий жарыяланды

2023-жылдын 1-январынан 8-январына чейин өлкөдө жаңы жылдык эс алуу күндөрү жарыяланды. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды. Бул чечим дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынган. Мындан улам жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин ​ ​ ​ 113-беренесине ылайык төмөндөгүдөй чечим кабыл алынды: Беш күндүк иш жуманын графиги […]Читать далее

Коом

Азиздер жана дүлөйлөр коому үчүн коммуналдык кызматтарга 50% жеңилдик белгиленди

Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун ишканалары, мекемелери жана уюмдары үчүн республикалык бюджеттин эсебинен суу менен камсыздоо, канализация, коммуналдык кызматтар жана газ үчүн төлөмдөрдү төлөөдө 50 пайыздык жеңилдик белгиленди. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды.​ Мындай чечим Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун угуусу жана көрүүсү боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында […]Читать далее

Саясат

«Келечек булагы» туруктуу пенсиялык системасынын стратегиясы бекитилди

«Келечек булагы» туруктуу пенсиялык системасынын стратегиясы бекитилди. Тиешелүү чечим Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды. Документ мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу, КР Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 «2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Мындан улам жана «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» КР конституциялык Мыйзамынын […]Читать далее