«Келечек булагы» туруктуу пенсиялык системасынын стратегиясы бекитилди

 «Келечек булагы» туруктуу пенсиялык системасынын стратегиясы бекитилди

«Келечек булагы» туруктуу пенсиялык системасынын стратегиясы бекитилди. Тиешелүү чечим Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Документ мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу, КР Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 «2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Мындан улам жана «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» КР конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, «Келечек булагы» туруктуу пенсиялык системасынын стратегиясын жана КР «Келечек булагы» туруктуу пенсиялык системасынын стратегиясын ишке ашыруу боюнча Жол картасын бекитүү чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, «Келечек булагы» туруктуу пенсиялык системанын стратегиясы жалпы улуттук деңгээлдеги социалдык коргоонун тийиштүү системаларын жана чараларын ишке киргизүүгө жана 2030-жылга карата калктын аяр катмарын камтууда олуттуу натыйжага жетишүүгө багытталган.

Ошол эле учурда документ пенсионерлердин татыктуу жашоосу үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берүүчү орто жана узак мөөнөттүү келечекте пенсиялык системанын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча багыттарды жана милдеттерди аныктайт.

Связанный пост