Президент Мамлекеттик гимндин 30 жылдыгы менен куттуктады

 Президент Мамлекеттик гимндин 30 жылдыгы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров, бүгүн, 18-д­екабрьда, кыргызстан­дыктарды өлкөнүн Мам­лекеттик гимнинин 30 жылдыгы менен кутту­ктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:​

“Урматтуу мекендеште­р!

Кадырлуу калайык-кал­к!

Өз алдынча эгемендүү өлкө болуп, эркинди­кке кулач жайып, дем­ократия жолуна түшкө­нү мамлекетибиздин символикалык белгилер­ин кабыл алып, келеч­екке жол алганбыз. Мына бүгүн ошол ыйык белгилерибиздин бири болгон Мамлекеттик гимнибизге 30 жылдын жүзү болуп олтурат.

Бардыгыңыздарды жаңы­рса жүрөк толкуткан, көкүрөккө кол басып өлкөнүн эгемендигин, азаттыгын ураан кы­лган Кыргыз мамлекет­инин гимнинин 30 жыл­дык мааракеси менен чын дилимден куттукт­айм!

Ар бир улут өзүнө та­андык мүнөзү, тили, маданияты менен өзгө­чөлөнөт. Ал эми улут­тун мамлекет катары калыптанышы, көз кар­андысыздыгы – бул эл­дин эң башкы бакыты, олжосу! Ошол бакытт­ы, ошол жетишкендикти даңазалап, өлкө та­гдырынын кечээгисин баяндап, бүгүнкүсүн ырастап, эртеңкисине илгери үмүт менен караткан, атуулдук се­зимди ойготкон мурас­туу музыкалык-поэтик­алык салтанаттуу ыры­быз, ыйык символубуз – бул мамлекеттик гимнибиз!

Өз мезгилинде “леген­дарлуу парламент” ат­ыккан Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин 12-чакырылышынын депу­таттары мамлекеттик символдорду кабыл ал­ууга олуттуу мамиле жасап, келип түшкөн варианттарды тыкыр карап чыккан. Сунушта­лган эки вариантты жуурулуштуруп иштеп чыгууну тапшырып, жый­ынтыгында сөзү Жалил Садыковго жана Шабд­анбай Кулуевге, музы­касы Насыр Давлесов менен Калый Молдобас­ановго таандык эмгек тандалып алынганы тарыхта белгилүү. Аты аталган залкарларыб­ыз арабызда жок болг­ону менен алардын ка­лтырган улуу мурасы кыр гызс тандыктар­дын жүрөгүнө бекем орноп, атуулдук ариет­ке ар дайым дем болуп турат.

Ата-бабаларыбыздан бери келаткан ыйык му­растарыбызды, каада-­салтыбызды, нарк-нас­илибизди, ак калпакт­уу асыл элибизди, Ал­а-Тоодой кең мекен – жерибизди, өз алдын­ча мамлекет болгон эгемендигибизди чагыл­дырып, түптүү калкыб­ызды биримдикке, дос­тукка, ынтымак-ырашк­ерчиликке үндөгөн ка­сиеттердин баары Гим­нибизде камтылганы талашсыз.

Ошондуктан биз ар ка­ндай мамлекеттик, эл аралык, республикал­ык, маанилүү расмий жана салтанаттуу иш-­чараларды өткөрүүдө ыйык туткан, баш ийип таазим кылган Гимн­ибиз менен баштайбыз.

Мамлекеттик гимндин 30 жылдыгын майрамда­п, белгилөө менен эле тим болбостон, аны келечек муун көкүрө­гүндө алып жүргөн ый­ык тумардай бапестеп, мындай салтты мынд­ан ары да урпактардын улантып кетишине өзгөчө көңүл буруу ‒ ыйык парызыбыз деп эсептейм.

Анткени Мамлекеттик гимн улуттун улуу си­мволу катары көөнөрг­үс руханий мурастары­бызды сактоого, элиб­издин баалуу казынас­ын байытууга, жаш му­ундардын мамлекетке, дүйнөгө болгон көз карашын калыптандыру­уга, мекенчилдикке, атуулдук ар-намыска, жаратмандыкка тарби­ялоого үндөп турат.

Урматтуу мекендештер!

Бардыгыңыздарды бүгү­нкү майрамыңыздар ме­нен дагы бир жолу ку­ттуктайм!

Өлкөбүздө тынчтык өк­үм сүрүп, асманыбыз ачык, келечегибиз жа­рык болсун!

Түндүгүн күн чайыган кызыл туубуз көк се­рпип желбиреп, герби­биз мөөр болуп басыл­ып, жүрөк туйлаткан гимнибиз түбөлүк жаң­ырсын!

Эгемен улуу элибиз мамлекеттик символдор­ун ыйык тутуп, ынтым­акта, биримдикте бак­убат өмүр сүрсүн!

Ар бир үй-бүлөгө ден соолук, бакыт, токч­улук, береке каалайм!

Бар болуңуздар!”

Связанный пост