Садыр Жапа­ров Мигранттардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду

 Садыр Жапа­ров Мигранттардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду

Президент Садыр Жапаров, бүгүн, 18-декабрьда, Мигранттардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу:​

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Журт тышында иштеп жүргөн ардактуу мекендештер!​

Дүйнөлүк мейкиндиктеги миллиондогон эмгек миграциясы – жокко чыгарууга болбой турган, калыптанып калган көрүнүш. Ошентсе да, мигранттардын укуктук абалын жакшыртуунун үстүндө дайыма ырааттуу иш жүрүп турушу абзел. Эл эмгек миграциясынын агымы менен барган өлкөлөрдүн миграциялык мыйзамдары жана стратегиялары эл аралык укуктук ченемдер, ошондой эле аларды ишке ашыруунун кепилдиктери толук камтылган эл аралык милдеттенмелерге ылайык келиши шарт.

Бүгүнкү күндө дүйнөлүк миграциялык агымга жараша, биздин жарандарыбыз дагы белгилүү бир жагдайлардан улам мындай процесстин ажырагыс бөлүгү болуп калды. Мекендештерибиз чет жерлерде талбай иштеп, өздөрү, жакындары үчүн жаңы жашоо курууга далалат кылып, алга умтулушууда. Ошону менен катар эле жергиликтүү деңгээлдеги социалдык маселелерди чечүүгө, социалдык жана башка инфратүзүмдүк объектилерди курууга, өндүрүш ишканаларын ачууга жана жумушчу орундарды түзүүгө көмөктөшүп, Ата Мекенинин өнүгүүсүнө салым кошуп келет.

Акыркы жылдары чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештерибиз Кыргызстандагы түрдүү долбоорлорго инвестиция салууга чоң кызыгууларын билдирип келишүүдө. Бул – миграция менен өнүгүүнүн ортосундагы ачык-айкын байланыштын далили. Мындай эки тараптуу байланыштар биргелешип өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн жаратары белгилүү.

Өз кезегинде мамлекет мындай демилгелерди кубаттап, бардык шарттарды түзүү аракетинде. Мисал катары 2021-жылдын​ ​ ​ 29-январындагы “Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө” Жарлыкты айтууга болот. Ага ылайык 2021-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын Миграциялык саясатынын концепциясы бекиген.

Бул документ өлкөдөгү миграция процессин жөнгө салуу маселелеринде узак мөөнөттүү көз карашты туюнтат. Концепция миграция жаатында артыкчылыктуу багыттарды, милдеттерди, максаттардын тутумун өзүнө камтыган жана адам укуктары менен эркиндиктерин сактоого, Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын коргоого негизделген.

Кыргыз Республикасынын миграциялык саясатынын максаты миграция агымында жагымсыз факторлорду жумшартууга багытталган мамлекеттик программаларды ишке ашыруу аркылуу миграция процесстерин турукташтыруу болуп эсептелет.

Тиешелүү мамлекеттик органдар чет өлкөлөрдө эмгектенип жүргөн жарандарыбызды, өзгөчө ЕАЭБ аймагында эмгек мигранттарыбызды колдоо үчүн мүмкүн болгон аракеттердин баарын жасоодо жана мындан ары дагы мындай аракеттерин жигердүү улантат.

Ошону менен бирге Кыргызстанда жумуш орундарын түзүп, мекендештерибизди өз Мекенинде, өз үйүндө, балдары менен ата-энелеринин кашында болуп, иштеши үчүн бар күч-аракетибизди жумшайбыз!”.

Связанный пост