Садыр Жапаров Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту

 Садыр Жапаров Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров 18-декабрда футбол боюнча Дүйнө чемпионаты — 2022 алкагында Доха шаарында (Катар Мамлекети) Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту.

Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү эки жана көп тараптуу кыргыз-түрк өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери жөнүндө сүйлөшүштү.

Садыр Жапаров менен Режеп Тайип Эрдоган жогорку саясий деңгээлде активдүү диалогду улантууну шартташты.

Связанный пост