ЖКККББнын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, атайын жүргүзүлгөн рейддик иш-чаранын негизинде Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан кошумча бак орнотуу менен Казакстан өлкөсүнөн Кыргызстанга күйүүчү май ташып келип, жол жээктеринде мыйзамсыз сатып жаткан жалпы 36 айдоочу кармалды. Анын ичинен 29 жеңил автоунаалар, 7-жүргүнчү ташуучу автобустар болгон. Бул унаалардын баары убактылуу айып короо жайына […]Читать далее
КР ӨКМ шашылыш билдирүү таратты. Ведомствонун маалыматы боюнча 2023-жылдын 31-мартынан 1-апрелине чейин абанын температурасынын жогорулашына, жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Министрлик унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет.Читать далее
Соода-өнөр жай палатасынын алдында 25 энергетикалык компанияны бириктире турган энергетика боюнча Комитет түзүлду. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти. СӨП башчысы Темир Сариев энергетика тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. “КР СӨП-бул республиканын бүткүл бизнесин бириктирген орган. Палата ишкерлердин кызыкчылыктарын гана эмес, аларды ар кандай мыйзамсыз кол салуулардан коргоо үчүн колунан келгендин баарын жасап жатат. […]Читать далее
КР УКМК органдары тарабынан ЭТУга каршы аракеттенүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Өзбекстандын жараны аныкталып кармалып, КР УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал “И.М.” ЭТУнун эмиссарларынын жардамы менен КР жаранынын жасалма паспортун алып, САРдын согуштук зонасы чыгууга аракет кылган. Аталган Өзбекстан Республикасынын жараны ЭТУ/ДЭУга тиешеси бар экендиги үчүн Өзбекстан Республикасынын аймагында издөөдө жүргөнү […]Читать далее
Ошто 43 мектеп окуучусу белгисиз затка ууланып, ооруканага түштү. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди. Айтымында 43 баланын ичинен 18и ооруканага жаткырылды, алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Калган балдар амбулатордук дарыланууга кое берилген. Учурда уулануунун себебин аныктоо үчүн анализдер дайындалды. Азыркы учурда ооруканада төрт окуучу калып, калган 14ү ооруканадан чыкканы […]Читать далее
Чүй областтык прокуратурасы тарабынан Аламүдүн районунун акиминин орун басары, жер мунапысы боюнча комиссиянын төрагасы Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен шектүү катары кармалды. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди. Алсак, райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн жер мунапысы боюнча комиссиясы тарабынан Лебединовка айыл өкмөтүнүн аймагындагы 66,8 га мамлекетке тиешелүү айыл чарба багытындагы сугат айдоо […]Читать далее
2022-жылга Ош облусуна 944,7 млн.сом каралган. 2023-жылга 940, 6 млн.сом менен бекитилди. Бул тууралуу КР Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ош облусу боюнча 2022-жылдын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары 944,7 млн. сом акча каражаты каржыланган, алар: Теңдөөчү трансферт- 485,1 млн. сом; Ыйгарым укуктарды берүүгө- 49,3 млн. сом; Муниципалдык кызматкерлердин айлык акысынын жогорулашына- […]Читать далее
Маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков менен АКШнын КРгы элчиси
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигери менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маалымат тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун бир катар маселелерин, анын ичинде сөз эркиндигин жана массалык маалымат каражаттарын өнүктүрүүнү талкуулашты. Дайырбек Орунбеков кыргыз тараптын сөз эркиндигин жана демократиялык коомдун принциптерин […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров КЭР СУАР Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуйду
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-мартта, Кытай Эл Республикасынын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий Бюросунун мүчөсү, КЭР Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун (СУАР) Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуйду анын Бишкекке болгон жумушчу сапарынын алкагында кабыл алды. Жолугушууда Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы салттуу достук жана ынак коңшулук мамилелер, өз ара ишеним ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан […]Читать далее
2022-жылы жөлөкпулдар 100%дан 200%га чейин көбөйтүлдү. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков өзүнүн социалдык баракчасында билдирди. Баткен облусуна өзгөчө статус берилгенине байланыштуу, чек арада жайгашкан аз камсыз үй бүлөлөрдүн балдарына 2400 сомдон берилип жатат. Аз камсыз болгон үй-бүлөгө көмөк: 2021-жылы 3 млрд 804 млн 325 миң сом 2022-жылы 4 млрд 879 […]Читать далее