Кошумча бак орнотуу менен күйүүчү май ташыган айдоочулар кармалды

ЖКККББнын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, атайын жүргүзүлгөн рейддик иш-чаранын негизинде Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан кошумча бак орнотуу менен Казакстан өлкөсүнөн Кыргызстанга күйүүчү май ташып келип, жол жээктеринде мыйзамсыз сатып жаткан жалпы 36 айдоочу кармалды.

Анын ичинен 29 жеңил автоунаалар, 7-жүргүнчү ташуучу автобустар болгон.

Бул унаалардын баары убактылуу айып короо жайына токтотулуп, “Укук бузуулар” Кодексине ылайык 5500 сомдон айып пул салынып, андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн, ыкчам тергө тобу менен салык кызматы чакыртылды.

Эскерте кетсек жыл башынан тартып, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери мыйзамсыз ташылып жана сатылып жаткпн 24 тонна күйүүчү майды аныкташкан.

Связанный пост