Үстүбүздөгү жылы жалпысынан 204 мектептин курулушу пландалды. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы өздүк баракчасына жазды. “Мектеп салбаган өлкөлөрдө түрмөлөр көбөйөт” деген сөз бар эмеспи. Өткөн жылы жаңы 42 мектептин курулушу аяктап, 11 мектеп толук оңдоп-түзөөдөн өттү. Үстүбүздөгү жылы жалпысынан 204 мектептин курулушу пландалып, жыл аягына чейин анын 100дөйүн бүтүрүү күтүлүүдө”, – деп белгиледи […]Читать далее
Ош шаарында бир эле мезгилде 3 бала бакча жана бир нече мектеп курулуп жатат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов билим берүү объектилеринин курулушунун жүрушу менен таанышты. Мэр Ак-Тилек кичи районундагы 100 орундуу бала бакчанын, Жапалак айыл аймагынын Керме-Тоо айылында курулуп жаткан 100 орундуу бала бакчанын, Курманжан-Датка […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы Улуттук онкология жана гематология борбору менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна да пландан тышкары барды. Мамлекет башчысы ооруканадагы палаталардын, дарылоо бөлмөлөрүнүн жана башка инфратүзүмдөрүнүн абалы менен таанышты. Садыр Жапаров ооруканалардагы бейтаптар менен баарлашып, аталган медициналык мекемелердеги дарылануу шарттарынан да кабар алды. Текшерүүнүн жүрүшүндө Мамлекет башчысы саламаттыкты сактоо министри Гүлнара […]Читать далее
Президент Бишкек шаарынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментин пландан
Президент Жапаров бүгүн, 1-апрелде, Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментин пландан тышкары текшерип барды. Департаменттин аймагында көп жылдардан бери жараксыз абалга келген шаардык автобустар токтоп турат. Маалым болгондой, Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен жакын арада шаардын муктаждыктары үчүн миң жаңы автобустан турган кошумча партия келери күтүлүүдө. Борбор калаада транспорт маселесинин акырындап чечилиши менен, […]Читать далее
КР УКМКнын берген маалыматы боюнча, 2023-жылдын 31-мартында КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Тажикстандын аймагына жашылча-жемиштерди мыйзамсыз алып өтүү боюнча мыйзамсыз иш-аракеттерге бөгөт коюлду. Баткен областынын «Жаңы-Бак-Маргун-Арка» айланма унаа жолунда, жалпы салмагы болжол менен 10 500 кг болгон пияз түрүндөгү жашылча-жемиш жүктү Тажикстандын аймагына мыйзамсыз […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы болуп Сүйүнбек Сапарбекович Касмамбетовдун иштегенине көп деле убакыт өтө элек. Бирок, ушул кыска убакыттын ичинде элдин аң-сезимин ойгото алган идеологиялык иштердин сап башында болуп, кыргыз элинин иденттүүлүгү жана мамлекеттүүлүктү руханий адеп-ахлак, нарк-насил, үрп-адат, салт, үй-бүлө, таалим тарбия, тарых сыяктуу ата-бабаларыбыздан эзелтен бери келе жаткан баалуулуктарын түп-тамырынан бери козгоп, замандардын закымында катылып […]Читать далее
Кыргызстандын билим берүү жана илим тармагы оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, Кыргызстандын Социологдор коомунун төрагасы, көрүнүктүү окумуштуу жана коомдук ишмер Кусеин Исаев 2023-жылдын 31-мартында узакка созулган оорудан улам 86 жашында дүйнөдөн кайтты. Кусеин Исаев 1937-жылы 7-сентябрда Ысык-Көл районунун Бостери айылында төрөлгөн. 1956-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетине кирип, аны 1961-жылы артыкчылык диплом менен […]Читать далее
Бүгүн, 1-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовдун коштоосунда мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун үй-музейине барды. Бул тууралуу КР ЖКнин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү кабарлады. Алсак, 2005-жылы 85 жылдыгына карата музей катары ачылган үйдө Исхак Раззаков өзү 1950-1961-жылдары жашаган. Анткени ошол учурда […]Читать далее
2023-жылдын 31-мартында саат 03:10 чамаларында Бишкек шаарынын Исакеев көчөсү №18 дарегинде жайгашкан “Алькони” заводунун цехинен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМден жалпы 5 бөлүм жана тийиштүү кызматтар тартылган. Өрттүн аянты болжол менен 3500 м2ди түзөт. Өрттүн жалыны ага жакын жайгашкан 11 контейнерге өткөн. Ага карабастан өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинен улам 23 контейнер […]Читать далее
Ленин райондук ведомстволор аралык жумушчу топтун алдында КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар Департаменти менен биргеликте “Ош базары” жана “Берекет универсал” соода борборлорунун аймагында мыйзамсыз сатылып жаткан дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды жок кылуу боюнча рейд жүргүзүлдү. Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө департаменттин кызматкерлери тарабынан протоколдор түзүлүп, мыйзамсыз дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды саткан 5 […]Читать далее