С.Жапаров: Быйыл 204 мектеп куруу пландалды

 С.Жапаров: Быйыл 204 мектеп куруу пландалды

Үстүбүздөгү жылы жалпысынан 204 мектептин курулушу пландалды. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы өздүк баракчасына жазды.

“Мектеп салбаган өлкөлөрдө түрмөлөр көбөйөт” деген сөз бар эмеспи. Өткөн жылы жаңы 42 мектептин курулушу аяктап, 11 мектеп толук оңдоп-түзөөдөн өттү. Үстүбүздөгү жылы жалпысынан 204 мектептин курулушу пландалып, жыл аягына чейин анын 100дөйүн бүтүрүү күтүлүүдө”, – деп белгиледи С.Жапаров.

“Ал эми түрмөлөр жөнүндө кеп кыла турган болсок, былтыр 47-колонияны Молдовановка айылына көчүрдүк. Анын ордуна болсо кичи район салынып жатат. Кудай буюрса, бир жарым жылдан кийин бүтөт. 5500 үй- бүлөгө Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу 20 жылдык мөөнөт менен ипотекага турак-жай беребиз”, – деп маалымдады мамлекет башчы.

Мындан сырткары Нарын, Талас, Жалал-Абад облустарында көп кабаттуу үйлөр салынып, башка облус, район, шаарларга дагы долбоорлор даярдалып жаткандыгын да кошумчалады.

“Аларды дагы МИК аркылуу кезекте турган жарандарыбызга беребиз. Мамлекеттик кызматкерби, же жөнөкөй ишкерби – айырмасы жок. Кыскасы, жалпы өлкө боюнча “Менин үйүм – 2021-2026″ программасына ылайык, 2026-жылга чейин 50 миңден кем эмес үй- бүлөнү турак жай менен камсыз кылабыз”, – деп убадалады Президент.

Садыр Жапаров кийинки жылдарда Бишкектеги номер биринчи тергөө абагын дагы калаа сыртына көчүрүп, ал жерге дагы кичи район түшөөрүн маалымдады.

“Аракеттерибизди сөз менен эмес, иш менен көрсөтөбүз”, – деп жыйынтыктады мамлекет башчы.

Связанный пост