“Алькони” заводунун 3500 чарчы метр аянты өрттөндү

2023-жылдын 31-мартында саат 03:10 чамаларында Бишкек шаарынын Исакеев көчөсү №18 дарегинде жайгашкан “Алькони” заводунун цехинен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМден жалпы 5 бөлүм жана тийиштүү кызматтар тартылган. Өрттүн аянты болжол менен 3500 м2ди түзөт. Өрттүн жалыны ага жакын жайгашкан 11 контейнерге өткөн. Ага карабастан өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинен улам 23 контейнер сакталып калды. Тилсиз жоо 05:55те чектөөгө алынып, саат14:38де толук өчүрүлдү.

Жабыркагандар жок. Кырсыктын келип чыгуу себептери жана келтирген чыгым такталууда.

Связанный пост