Кыргызстандын жарандары 10,5 тонна контрабандалык пияз алып өтүүгө аракет кылышкан

КР УКМКнын берген маалыматы боюнча, 2023-жылдын 31-мартында КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Тажикстандын аймагына жашылча-жемиштерди мыйзамсыз алып өтүү боюнча мыйзамсыз иш-аракеттерге бөгөт коюлду.

Баткен областынын «Жаңы-Бак-Маргун-Арка» айланма унаа жолунда, жалпы салмагы болжол менен 10 500 кг болгон пияз түрүндөгү жашылча-жемиш жүктү Тажикстандын аймагына мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурда, Баткен облусунун Лейлек районунун тургундарынын башкаруусундагы Кыргыз Республикасынын жарандары 1984-жылы туулган Т.А.А., 1993-жылы туулган А.Б.А. жана 1980-жылы туулган Б.Т.Т. «Мерседес Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү үч жүк ташуучу унаасы менен кармалышкан.

Кармалган пияздын контрабандага багытталган баасы 500 миң сомдон ашык сумманы түзөт.

Жыйынтыгында, жүк ташыган бул унаалар «Орто – Боз» чек ара заставасынын №2022 Аскер бөлүгүнүн аймагына жайгаштырылып, бул факт документтештирилди.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Связанный пост