Ош шаарында 3 бала бакча жана бир нече мектеп курулуп жатат

Ош шаарында бир эле мезгилде 3 бала бакча жана бир нече мектеп курулуп жатат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов билим берүү объектилеринин курулушунун жүрушу менен таанышты.
Мэр Ак-Тилек кичи районундагы 100 орундуу бала бакчанын, Жапалак айыл аймагынын Керме-Тоо айылында курулуп жаткан 100 орундуу бала бакчанын, Курманжан-Датка атындагы №31 мектептин кошумча корпусунун жана спорт залынын курулушун көрүп чыкты. Калаа башчысы курулуш иштеринин сапатына жана мөөнөтүнөн кечиктирилбей бүткөрүлүшүнө көңүл бурууга чакырды.
Белгилей кетсек, учурда шаарда жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 бала бакча жана республикалык бюджеттин эсебинен бир катар мектептер курулуп жатат.

Связанный пост