Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен ушул жылдын 8-майында расмий сапар менен Россияга барат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. «Алдыдагы сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров менен Россиянын Президенти Владимир Путиндин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландалууда. Өлкөнүн лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу […]Читать далее
Баткен районунун Кара-Булак айылында 40 жылдык тарыхы бар музейдин жаңы имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Курулушка капсула салуу аземине КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары Султанбай Айжигитов,Нурланбек Ражабалиев,жергиликтүү тарыхчылар,тургундар катышып,музейдин курулушу тарыхий баалуулуктарды сактап калууда жана аймакта […]Читать далее
Аламүдүн районунда рак оорусунан айыктырууну убадалап акча алган чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди. 2023-жылдын 24-апрель күнү Аламүдүн РИИБине арыз менен 1989-жылы туулган Б.С. аттуу жаран кайрылып, өзүн «Сиддик» деп тааныштырган адам, ушул жылдын февраль айында рак менен ооруган баласын медициналык жол менен айыктырып берем деп ишеничине кирип, 5500 […]Читать далее
Дүйнөлүк банк – 1990-жылдан 2022-жылга чейинки Кыргызстандын экономикалык өсүү темпинин көрсөткүчүн жарыялады. Анда, кайсы мезгилдерде ички дүң продукциясынын жогорулаганы тууралы маалыматтар салыштырылган. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жазды. Маалыматка ылайык, 1990-2005-жылдар аралыгында ички дүң продукциясы төмөндөп, көрсөткүчтөр началарлап кеткен. Тактап айтканда ички дүң продукциянын көрсөткүчү адам башына бөлгөндө […]Читать далее
COVID-19 өпкө оорусу бар адамдарга, өзгөчө тамеки чеккендерге чоң коркунуч туудурат. Алар жогорку тобокелдик тобу болуп саналат. Анткени коронавирус адамдын организмине атайын ААФ (ангиотензинди айландыруучу фермент) клеткалар аркылуу кирет. Чылым чеккендердин жана өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусу, бронхалык астма сыяктуу өнөкөт илдеттерден жабыркагандардын өпкөсүндө көп санда болот. Тамеки тартпагандарга караганда, тарткандардын өпкөсүндө ААФ клеткалары дээрлик эки […]Читать далее
2023-жылдын үч айында республика боюнча 35 айыл чарба кооперативдери жаңы түзүлүп айыл чарба өндүрүшүндө ишке кирди, анын ичинен: Чүй облусунда – 2; Ысык-Көл облусунда – 2; Ош облусунда – 7; Жалал-Абад облусунда – 12; Талас облусунда – 2; Нарын облусунда – 1; Баткен облусунда – 9. 2023-жылдын 1-апрелине карата 513 айыл чарба кооперативдери айыл чарба […]Читать далее
“Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасы бир жылдык гүлдөрдү отургуза баштады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Жазгы жоогазындардын ордун жайкы, түстүү петуниялар, сальвиялар, тагетес, алисум жана башка көптөгөн бир жылдык гүлдөрдун түрлөрү ээлейт. Учурда гүлдөрдү отургузуу Токтогул көчөсү менен кесилишкен Жаш Гвардия бульвары, Жеңиш аянты, “Дене тарбия” сквери, Пушкин көчөсү боюнча Курманжан […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Сауд өнүктүрүү фондунун директору Султан Абдурахман Аль-Маршадды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-апрелде Сауд өнүктүрүү фондунун башкы аткаруучу директору Султан Абдурахман Аль-Маршадды кабыл алды. Биргелешкен долбоорлор жана мындан аркы кызматташуунун келечеги боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы Кыргызстан Фонд менен кызматташуунун бардык багыттарын кеңейтүүгө өзгөчө маани берерин белгилеп, ар кыл тармактарда бир катар долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнө колдоо […]Читать далее
МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Сингапурдан келген инвесторлор менен жолукту
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров “UOB Kay Hian” компаниясынын каржы боюнча аткаруучу директору Хок Чай Дин башында турган Сингапур Республикасынан келген инвесторлор менен жолукту. Жолугушууда тараптар брокердик, инвестициялык-банктык кызмат көрсөтүүлөр, жеке капиталды башкаруу, инвестициялык жана каржылык кеңеш берүү кызматтарын көрсөтүү маселелерин талкуулашты. МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров фондулук […]Читать далее
Бүгүн З.Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театрынын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Өзбекстан Республикасынын Маданият жана туризм министри Озодбек Назарбеков, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Түрксойдун Башкы катчысы Султан Раев, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, […]Читать далее