Рак оорусунан айыктырууну убадалап акча алган чет элдик жаран кармалды

 Рак оорусунан айыктырууну убадалап акча алган чет элдик жаран кармалды

Аламүдүн районунда рак оорусунан айыктырууну убадалап акча алган чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

2023-жылдын 24-апрель күнү Аламүдүн РИИБине арыз менен 1989-жылы туулган Б.С. аттуу жаран кайрылып, өзүн «Сиддик» деп тааныштырган адам, ушул жылдын февраль айында рак менен ооруган баласын медициналык жол менен айыктырып берем деп ишеничине кирип, 5500 АКШ долларын алып изин жашырып кеткенин билдирип, чара көрүүнү суранган.

Аталган факт Аламүдүн РИИБге катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Аламүдүн РИИБдин кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектүү Пакистан Республикасынын жараны 1982-жылы туулган С.У.Р. кармалып, Кыргыз Республиксынын ЖПКнин 96-беренесине ылайык, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Связанный пост