Баткенде маданий-тарыхый музейдин курулушу башталды

Баткен районунун Кара-Булак айылында 40 жылдык тарыхы бар музейдин жаңы имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Курулушка капсула салуу аземине КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары Султанбай Айжигитов,Нурланбек Ражабалиев,жергиликтүү тарыхчылар,тургундар катышып,музейдин курулушу тарыхий баалуулуктарды сактап калууда жана аймакта туризмди өнүктүрүүгө зор өбөлгө болоору белгиленди.

Кара-Булак айылында археологдордун изилдөөсүнө ылайык биздин замандын II-IV-кылымдарына таандык “Мыктын Гөрү” көрүстөнү казылган.

Аталган көрүстөндө мумияланган келиндин табыты табылган.

Бул тарыхты сактоо үчүн 1984-жылы “Мектеп музей” түзүлгөн.

Ал эми 1992-жылы “Элдик музей” наамы ыйгарылган.

Элдик музейде 2885 экспонаттар бар. Анын ичинен 16 бөлүмү эң байыркы экспонаттар болуп саналат.

Музейдин курулушуна республикалык бюджеттен 21,7 млн сом каралган.

Связанный пост