“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун, Президенттик Администрациянын кызматкерлеринин жана “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун катышуусунда 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча отчет берди. “Kумтөр Голд Компани” ЖАКнын казылган алтын жана аны сатуудан түшкөн каражат тууралуу маалыматына ылайык, компания өткөн жылы 17 тонна 305 кг алтын […]Читать далее
Жашы жете элек өспүрүм кызга ыдык көрсөтүүгө шектелген жаран кармалды. Кылмыш иши соттун кароосуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди. Эске сала кетсек, 2023-жылдын 6-февралында Т.Н. аттуу жаран Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө кайрылган. Кайрылуусунда 2022-жылдын декабрь айынан бери кошунасы, жашы жете элек кызына ыдык көрсөтүп жүргөнүн билдирип, чара көрүүнү өтүнгөн. Аталган […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-апрелде, Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель менен телефон аркылуу сүйлөштү. Тараптар эки жактын мамилелеринин күн тартибинде турган актуалдуу маселелерди, ошондой эле Кыргызстан менен ЕБ ортосундагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Мындан тышкары, Садыр Жапаров менен Шарль Мишель эки тараптуу жана көп тараптуу форматта боло турган иш-чаралардын графиги боюнча пикир алмашты. Тараптар […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин жыйынынан кийин Кыргыз улуттук академиялык театрынын сахнасында коюлган “Кулан” тарыхый драмасына Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жана Министрлер Кабинетинин жалпы жамааты келишти. Спектаклди Бишкек шаарына гастролдоп келген С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры койду. Спектаклден кийин сөз сүйлөгөн МинКаб Башчысы Ош драма театрынын артисттеринин талантына суктанганын билдирип, Кыргыз […]Читать далее
2023-жылдын 26- апрель күнү болжол менен саат 08:07 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына 51 мектеп-гимназиянын электрондук почтасына бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул факт боюнча окуя болгон жерге Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБ жетекчилиги, райондук башкармалыктын ыкчам тергөө тобу жана тиешелүү кызматтар дароо жөнөп кетишти. Милиция кызматкерлери аймакты курчоого алып, окуучулар жана мектеп администрациясы […]Читать далее
Бишкекте борбор калаанын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев менен HDT Impex s.r.o. жана ReGreen s.r.o. компаниялар консорциумунун чех эксперттери полигонго барышты. Эксперттер вице-мэр менен биргеликте учурдагы кырдаалга баа берүү үчүн барышты. Ошондой эле таштандыдан чыккан өрттөрдү өчүрүү маселесин жеринде чечүү каралды. Белгилей кетсек, мамлекет башчынын, ошондой эле Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасы менен Бишкектин айланасын ууландырган жана түтүндүн […]Читать далее
Төрага Нурланбек Шакиев Россиядагы расмий иш сапарынын алкагында кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда кыргызстандыктардын укуктук абалына байланышкан маселелер талкууланып, миграция жаатындагы негизги көйгөйлөр көтөрүлдү. Алгач Россия Федерациясына жасаган расмий сапары тууралуу сөз кылган Төрага Нурланбек Шакиев: “Жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар өткөрүлүп, эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Анын ичинен соода […]Читать далее
“Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №2 жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан азыркы тапта эски асфальтты сыйрып алуу иштери аткарылууда. Белгилей кетсек, жол оңдоо иштери апрель айында башталган. Быйыл Баткен-Боз-Адыр (Ош-Баткен-Раззаков жолунун эски багыты) унаа жолунун 195,8-207,8-чакырым аралыгын асфальттоо каралган. Жалпы 22 чакырым болгон жолдун 12 чакырымына асфальт жаткыруу иштери жай айларында жыйынтыкталат. Жер иштери бүткөн соң жаңы […]Читать далее
2023-жылдын 25-апрелинде Түркия Республикасынын Анкара шаарындагы Президенттик сарайда Түркиянын түштүк-чыгышында үстүбүздөгү жылдын 6-февралында болгон жер титирөөлөрдөн улам куткаруу иштеринде жана кырсыктын кесепеттерин жоюуда олуттуу жардам көрсөткөн чет өлкөлүк издөө-куткаруу топторуна жана дипломаттарга Мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү. Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин улук лейтенанты Темирлан Жумамүдүновго Түркия Республикасынын […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун төрагалыгында Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны өттү. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын студенттерине жана окуучуларына стипендиялардын өлчөмдөрүнүн белгилөө жөнүндөгү токтомго өзгөртүү киргизилди. Ага ылайык, аспирантуранын күндүзгү бөлүмүндө окутуу аркылуу жаш муундун илимий ишмердүүлүгүн активдештирүү максатында, жогорку кесиптик […]Читать далее