Өкмөт

Казакстандын Премьер-министри Алихан Смаилов Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78

Казакстан Республикасынын Премьер-министри Алихан Смаилов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровду жана Кыргыз Республикасынын элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады.   “Улуу муундар жасаган ыйык эрдик элибиздин кажыбас эркинин, бийик патриотизминин, руханий улуулугунун жана бузулбас биримдигинин жаркын символу болуп саналат жана болуп кала берет. […]Читать далее

Өкмөт

Абдулла Арипов Акылбек Жапаровду Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровду жана Кыргыз Республикасынын элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады.   “Бул күнү чексиз кубаныч менен чексиз кайгы сезимдерин бир эле учурда башыбыздан өткөрүп, фронтто эрдик менен жана кажыбас кайраттуулук менен салгылашкан, ошондой эле […]Читать далее

Өкмөт

Михаил Мишустин Акылбек Жапаровду Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровду жана Кыргыз Республикасынын элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады.   “Фронтто жана тылда жан аябастан Улуу Жеңишти жакындаткандардын элесин эскерүү менен ыраазычылык билдирип, башыбызды ийип таазим кылабыз. Аталарыбыздын жана чоң аталарыбыздын өлбөс эрдиги түбөлүктүү […]Читать далее

Өкмөт

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Ош шаарында “Өлбөс полк” акциясына катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына карата “Өлбөс полктун” митинг-реквиемине жана жүрүшүнө катышты. МинКаб Төрагасы Өчпөс отко гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскерди. Андан ары Министрлер Кабинетинин […]Читать далее

Аймак

Нарын шаарында Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү

Нарын шаарында Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына арналган митинг-реквием жана майрамдык салтанат болуп өттү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Таң эрте “Жеңиш 70” сквериндеги Советтер Союзунун Баатырлары Дайыр Асанов менен Анварбек Чортековдун эстеликтерине гүл коюлуп, куран окутулду. Мындан соң Тянь-Шань паркындагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин жаркын элесине арналып тургузулган […]Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнө

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен куттуктады.   Мамлекет башчысынын куттуктоосу:   “Улуу Ата Мекендик согуштун ардактуу ардагерлери!   Кымбаттуу оорук эмгекчилери!   Урматтуу мекендештер!   Ата Мекенибиздин тарыхында эс тутумубуздан эч качан өчпөй турган орчундуу окуялар арбын. Алар биздин, бизден кийинки муундардын жүрɵгүндө түбɵлүк жашайт. […]Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-майда, Россия Федерациясына жасаган расмий сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту. Кыргыз-орус кызматташтыгынын бир катар актуалдуу маселелери, анын ичинде эки өлкөнүн парламенттер аралык байланыштарын өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду. Россиянын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко Садыр Жапаровдун Москвага расмий сапарынын программасы жыш […]Читать далее

Коом

Эдил Байсалов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Касымбай Жолдошевди Улуу

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ош шаарында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 98 жаштагы ардагери Касымбай Жолдошовго барып, Улуу Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады. Ал ардагерге Мамлекет башчысынын атынан жеке куттуктоосун айтып, 100 миң сом өлчөмүндөгү бир жолку төлөм, ошондой эле майрамдык белектерди жана таттууларды тапшырды. Өз кезегинде Касымбай Жолдошев көңүл […]Читать далее

Президент

Санкт-Петербург жана Казань шаарларында Кыргызстандын жаңы башкы консулдуктары пайда болот

Россия Федерациясынын Санкт-Петербург жана Казань шаарларында Кыргыз Республикасынын жаңы башкы консулдуктары пайда болот. Тиешелүү жарлыктарга Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду. Документтерге Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россияда мыйзамдуу ыңгайлуу жүрүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында кол коюлган.Читать далее

Президент Саясат

Президент Садыр Жапаров Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-майда, Москвага жасаган расмий сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Кыргыз-орус эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, биргелешкен күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. Россиянын Президенти Владимир Путин Садыр Жапаровдун расмий сапары Жеңиш майрамынын алдында өтүп жатканы өзгөчө мааниге […]Читать далее