Нарын шаарында Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү

Нарын шаарында Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына арналган митинг-реквием жана майрамдык салтанат болуп өттү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Таң эрте “Жеңиш 70” сквериндеги Советтер Союзунун Баатырлары Дайыр Асанов менен Анварбек Чортековдун эстеликтерине гүл коюлуп, куран окутулду.

Мындан соң Тянь-Шань паркындагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин жаркын элесине арналып тургузулган эстелик тактага гүл чамбарлар коюлуп, куран окутулду.

Борбордук аянтка жөө жүрүш болуп ага Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев, Нарын районунун акими Нуридин Мадимаров баштаган аскер кызматкерлери, жергиликтүү тургундар катышышты.

Майрамдык иш чаранын алкагында ардагерлерге, жоокерлерге аскер кашасы берилип.

Майрамдык салтанаттын негизги бөлүгү борбордук аянтта күч түзүмдөрүнүн жана окуучуларынын парады, театралдаштырылган оюн-зоок менен коштолуп, концерт коюлду.

Связанный пост