Президент Садыр Жапаров Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-майда, Москвага жасаган расмий сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту.

Кыргыз-орус эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, биргелешкен күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

Россиянын Президенти Владимир Путин Садыр Жапаровдун расмий сапары Жеңиш майрамынын алдында өтүп жатканы өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.
Ал Улуу Ата Мекендик согушта 360 миң кыргызстандык фронтко аттанып, жарымынан көбү кайтпай калганын эске салды.

“Сиз Ржев шаарында Россиянын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы менен бирге болуп, ал жерге гүл коюп, фронттун ушул бөлүгүндө курман болгондордун элесине таазим кылганыңызды билебиз”, – деп кошумчалады Владимир Путин.

Россия Федерациясынын Президенти ошондой эле өлкөлөр ортосундагы кызматташтык азыр өсүү жолунда экенин, буга акыркы бир жылда товар жүгүртүүнүн 37 пайызга өсүүсү далил экенин белгиледи.

Ошону менен бирге, Владимир Путин Россия Кыргызстан үчүн түз капитал салуу боюнча эң ири инвестор экенине токтолуп, бул тенденция күч ала тургандыгына ишеним билдирди.

Президент Садыр Жапаров өз кезегинде Владимир Путинге Россия Федерациясына расмий сапар менен келүүгө чакыргандыгы жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Улуу Жеңиштин 78 жылдыгынын алдында Москвада өзгөчө кубаныч сезими менен болгонун белгиледи. Жеңиш күнү – ыйык жана эки өлкөнүн элдерин бириктирген майрам катары түбөлүк кала берет. Курман болгон баатырлардын жаркын элесине таазим кылуу жалпы милдет.

“Биз келечек муундардын эркиндиги үчүн оор аскердик сыноолорду башынан өткөргөн аталарыбыз менен чоң аталарыбыздын эрдигин эч качан унутпайбыз. Алардын элеси ар дайым сакталат”, – деди Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров бүгүн эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулоого жана эки мамлекеттин кызыкчылыгында кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштыгын мындан ары өнүктүрүү боюнча кеңири пикир алмашуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк экенин баса белгиледи.

Өлкө лидерлери өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө биргелешкен диалогду улантууну макулдашышты.

Связанный пост