Абдулла Арипов Акылбек Жапаровду Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады

 Абдулла Арипов Акылбек Жапаровду Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровду жана Кыргыз Республикасынын элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады.

 

“Бул күнү чексиз кубаныч менен чексиз кайгы сезимдерин бир эле учурда башыбыздан өткөрүп, фронтто эрдик менен жана кажыбас кайраттуулук менен салгылашкан, ошондой эле тылда жан аябастан эмгектенип, тынчтыкты жана эркиндикти бүт күчү менен коргогондорду эскерип, чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. . Алардын эрдиги биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталып, жаштарга үлгү болот”, – деп айтылат куттуктоодо.

 

Абдулла Арипов ошондой эле “Ата-бабаларыбыздын эрдигин эскерүү жана элдерибиздин ортосундагы бекем достук байланыштар Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары чыңдоо үчүн бекем пайдубал болоорун” белгиледи.

 

Билдирүүнүн аягында ал Акылбек Жапаровго бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана жаңы ийгиликтерди каалады, ал эми “бир тууган Кыргызстандын элине тынчтык жана мындан аркы гүлдөп-өнүгүүнү” каалады.

Связанный пост