Михаил Мишустин Акылбек Жапаровду Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады

 Михаил Мишустин Акылбек Жапаровду Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровду жана Кыргыз Республикасынын элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады.

 

“Фронтто жана тылда жан аябастан Улуу Жеңишти жакындаткандардын элесин эскерүү менен ыраазычылык билдирип, башыбызды ийип таазим кылабыз. Аталарыбыздын жана чоң аталарыбыздын өлбөс эрдиги түбөлүктүү эрдиктин жана баатырдыктын үлгүсү болуп кала берет. Аскердик сыноолордун катаал жылдарын башынан кечирген бекем достук мындан ары дагы Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздашты тереңдетүүгө бекем негиз болуп кызмат кыла берээрине ишенем”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Связанный пост