Казакстандын Премьер-министри Алихан Смаилов Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына карата куттуктоо телеграммасын жөнөттү

 Казакстандын Премьер-министри Алихан Смаилов Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына карата куттуктоо телеграммасын жөнөттү

Казакстан Республикасынын Премьер-министри Алихан Смаилов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровду жана Кыргыз Республикасынын элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады.

 

“Улуу муундар жасаган ыйык эрдик элибиздин кажыбас эркинин, бийик патриотизминин, руханий улуулугунун жана бузулбас биримдигинин жаркын символу болуп саналат жана болуп кала берет. Улуу Ата Мекендик согуштун фронтторунда бекемделген казак-кыргыз достугу биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоо үчүн бекем негиз болуп кызмат кыла берээрине ишенем. Учурдан пайдаланып, согуштун ардагерлерине жана тыл эмгекчилерине бекем ден соолук, ал эми боордош кыргыз элине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм”, – деп айтылат куттуктоодо.

Связанный пост