Абактан чыкканына эки апта болгон жаран адам өлтүрүүгө шектелип кармалды

 Абактан чыкканына эки апта болгон жаран адам өлтүрүүгө шектелип кармалды

Адам өлтүрүүгө шектелген жаран “Коопсуз шаар” камерасы аркылуу табылды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлады.
Маалым болгондой, Октябрь РИИБдин кызматкерлери С.Ибраимов жана Л.Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде күч колдонулуп каза болгон белгисиз жарандын денесин табышкан.
Окуя болгон жерден ашкана бычагы табылып, соттук-медициналык, биологиялык, дактилоскопиялык жана химиялык экспертизалар дайындалган. Милиция кызматкерлери тарабынан ошол эле күнү анын ким экендиги аныкталып, жакын туугандары тарабынан таануу жүргүзүлгөн.
Милиция кызматкерлери окуя болгон жерден “Коопсуз шаар” видеобайкоолор тутумун кароо менен шектүү жарандын изине түшүшкөн.
Бишкек шаарынын Малдыбаев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен туруктуу жашаган жери жок, Жалал-Абад облусунун 47 жаштагы тургуну Н.М кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Шектүү мурда эки жолу соттолуп, түрмөдөн чыкканына эки жума болгон. Ал Бишкек шаарынын ИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Алгачкы тергөө иштеринин жүрүшүндө экөөнүн ортосунда чыр-чатак чыгып шектүү маркумду бычак менен сайып жиберип качып кеткендиги аныкталган.

Связанный пост