Садыр Жапаров Клаус Йоханнисти Румыниянын Улуттук биригүү күнү менен куттуктады

 Садыр Жапаров Клаус Йоханнисти Румыниянын Улуттук биригүү күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Румыниянын Президенти Клаус Йоханнисти Румыниянын Улуттук биригүү күнү менен куттуктады.

«Кыргызстан менен Румыниянын ортосундагы салттуу достук мамилелер мындан ары да эки өлкөнүн өнүгүшүнө жана гүлдөп-өсүшүнө салым кошот деп ишенем. Сизге чың ден соолук, жооптуу мамлекеттик ишиңизге ийгиликтерди, ал эми дос мамиледеги Румыния элине бакубаттык жана өнүгүү каалайм», — деп айтылат Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Связанный пост