Арслан Койчиев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды

 Арслан Койчиев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды

Арслан Койчиев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Ал эми АлтынбекЖумаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду.

Арслан Койчиев 2021-жылы да президенттин кеңешчиси болгон. Кийин июнь айында Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын орун басары болгон.

Арслан Капай уулу Койчиев — тарыхчы, жазуучу, журналист жана публицист. 1965-жылы 29-сентябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Токтогул кыштагында туулган.

Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин, аспирантураны, Лондон университетинин Чыгыш таануу жана Африканистика мектебин (School of Oriental and African Studies, University of London) аяктаган.

Тарых илимдеринин кандидаты.

1991-1993-жылдары Кыргызстан демократиялык кыймылына (КДК) мүчө болгон.

1994-96-жылдары «Азаттык» үналгысынын Бишкектеги кабарчысы болуп иштеген.

1996-2010-жылдары ал Би-Би-Си дүйнөлүк кызматындагы Кыргыз кызматынын продюсери болгон.

Арслан Койчиевдин «Мисмилдирик» (Беделдеги каргыш) романы 1916-жылдагы кыргыздын улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн тарыхына арналган. Бул роман 2010-жылы Бишкек шаарында кыргыз тилинде чыгарылган.

Связанный пост