Ысык-Көлдөн 24,6 миң метр тор жана 3 миң кг чукул таштанды чыгарылды

 Ысык-Көлдөн 24,6 миң метр тор жана 3 миң кг чукул таштанды чыгарылды
Ысык-Көлдөн 24,6 миң метр тор жана 3 миң кг чукул таштанды чыгарылды. Бул тууралуу КР ӨКМнин пресс-борбору маалымдады.
Учурда ӨКМдин суучулдары Ысык-Көлдүн акваториясынын булганган тилкелерин “Мөлтүр” кемеси менен таштандылардан жана мыйзамсыз балык уулоочу торлордон тазалоодо.
Бүгүнкү күндө Ысык-Көл районуна караштуу Кожояр айылынан Корумду айылына чейин көлдөн 24 600 метр балык уулоочу тор чыгарылып, 2985 кг ар түрдүү таштандылардан тазаланды.
Суу астынан чыгарылган торлордун көбү жаңы экендигин көрүүгө болот. Бул мыйзамдын негизинде тыюу салынганына карабастан браконьерлик дагы да болсо уланып жатканын билдирет.
Эске салсак, 2023-жылдын 12-мартынан бери Президенттин Жарлыгынын негизинде Ысык-Көлдүн флора жана фаунасына зыян алып келген таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иши масштабдуу түрдө башталган.

Связанный пост