Images

Саясат

Текебаев ГФРдин Эл аралык байланыштар департаментинин директору менен жолукту

2022-жылы 11-июлда Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын Федералдык Президентинин кеңсесинин Эл аралык байланыштар боюнча департаментинин директору Вольфганг Зильберманн менен жолугушуп, Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, иш-сапарларды уюштуруу, азыркы таптагы эл-аралык кырдаал жана Борбор Азиядагы кызматташтык тууралуу ой-пикир алмашуу болду. Элчи Өмүрбек Текебаев кыргыз-герман кызматташтыгын ар тараптуу багыттарда бекемдөөгө […]Читать далее

Коом

Бишкекте мектеп бүтүрүүчүлөрүнө “Алтын сертификаттарды” тапшыруу аземи өтөт

Бүгүн, 13-июлда,Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” Мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнө “Алтын сертификаттарды” тапшырууга байланыштуу салтанаттуу иш-чара өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чара УТРКнын, республикалык телеканалдардын жана социалдык түйүндөрдүн баракчаларынын түз эфиринде чагылдырылат. Түз эфир башталышы болжол менен 18:00.Читать далее

Коом

Кадамжайда 10 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп кетти

Кадамжай районунда 10 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 12-июлда Кереге-Таш айылында 2012-жылы туулган Т.А. аттуу жаш бала Исфайрам – Сай дарыясына түшүп кеткен. Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 8 куткаруучу тартылган. Кеч киргендигине байланыштуу издөө иши убактылуу токтотулган. 13-июль күнү улантылат.Читать далее

Саясат

Министрлер кабинети жол эрежелерин одоно бузган айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтөт

Жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу жана айдоочулук тартипти чыңдоо максатында министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү тууралуу чечими кабыл алынды. Бул маселе боюнча ички иштер министри Улан Ниязбеков маалымат берди. Анын айтымында, 2017-2021-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасында расмий түрдө 32 369 жол кырсыгы катталып, анда 4006 адам каза болуп, 49 639 […]Читать далее

Саясат

Мектеп жетекчилери эми конкурстук негизде тандалат. Президент жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык баштапкы, негизги жана жалпы орто билим берүү уюмдарынын (мындан ары – жалпы билим берүү уюмдары) жетекчилеринин жогорку кесипкөй кадрдык курамын түзүүгө багытталган кадр саясатын ишке ашыруу, билим […]Читать далее

Коом

Улан Ниязбеков Ала-Бука РИИБдин жаңыланган имараты менен таанышты

Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратынын ички бөлмөлөрү жана сырты толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Ремонт иштери ИИМдин жана жеке демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ишке ашкан. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте 30дан ашуун жерге видеокамералар орнотулуп, РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө туташтырылган. Коомдук жайлардагы тартипти нөөмөттө турган кызматкер көзөмөлгө алып турат. Мындан сырткары бирдиктүү терезе тутумунун алкагында жарандарга сапаттуу […]Читать далее

Саясат

Президент санариптик жашыл транзиттик коридорлорду түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө санариптик жашыл транзиттик коридорлорду киргизүүнүн комплекстүү системасын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жарлыгына кол койду. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын транзиттик потенциалын өнүктүрүүнүн маанилүү багыттарынын бири санариптик жашыл транзиттик коридорлорду киргизүү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы №435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын […]Читать далее

Саясат

Өмүрбек Текебаев санариптик сомду киргизүүдө германиялык технологияларын колдонуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады

2022-жылдын 7-июлунда Элчи Өмүрбек Текебаев Германиянын мамлекеттик жеке документтерин чыгарган, ошондой эле ички иштер, бажы жана чек ара кызматтары үчүн коопсуз санариптик программаларды  камсыз кылган Германиянын мамлекеттик мекемеси болгон «Bundesdruckerei GmbH» аттуу компаниясына барды. Регионалдык директор Юдит Майнке айымдын айтымында, 250 жылдык тарыхы бар «Bundesdruckerei GmbH» компаниясы көп жылдардан бери евро банкнотторун чыгарып, азыркы тапта […]Читать далее

Коом

“Ихсандын” ишмердүүлүгүнөн жабыркагандар кайда кайрылуусу керек? ИИМдин жообу

Ички иштер министрлиги “Ихсан Групп ЛТД” турак-жай кооперативинин ишмердүүлүгүнөн жабыркагандар кайда кайрылуу керектигин айтты. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Тергөө кызматы учурда мүлкү жана банк эсептери камакка алынган “Ихсан Групп ЛТД” коммерциялык эмес турак жай кооперативинин башкармалыгына жана уюштуруучуларына козголгон кылмыш иштерин тергеп жатат. Кооперативдин күмөндүү ишмердүүлүгүнүн натыйжасында жарандарга миллиондогон сом зыян келтирилген. Ички иштер […]Читать далее

Коом

Мамлекеттик жана ЖӨБ органдары жарандарга консультациялык-укуктук жардам көрсөтүүнү улантууда

 Кыргызстандын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 594 токтому менен бекитилген «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунун субъекттеринин өз ара аракеттенүү Тартибин жарандарга консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү жаатында так сактоосу тапшырылды. Кыргыз Республикасынын бардык жарандары, чет өлкөлүк жарандар, ошондой […]Читать далее