Өмүрбек Текебаев санариптик сомду киргизүүдө германиялык технологияларын колдонуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады

 Өмүрбек Текебаев санариптик сомду киргизүүдө германиялык технологияларын колдонуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады

2022-жылдын 7-июлунда Элчи Өмүрбек Текебаев Германиянын мамлекеттик жеке документтерин чыгарган, ошондой эле ички иштер, бажы жана чек ара кызматтары үчүн коопсуз санариптик программаларды  камсыз кылган Германиянын мамлекеттик мекемеси болгон «Bundesdruckerei GmbH» аттуу компаниясына барды.

Регионалдык директор Юдит Майнке айымдын айтымында, 250 жылдык тарыхы бар «Bundesdruckerei GmbH» компаниясы көп жылдардан бери евро банкнотторун чыгарып, азыркы тапта санариптик валютаны ишке ашыруу маселеси менен тыгыз иштеп келет. Бул процессте санариптик коопсуздукту камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулаарын Майнке айым баса белгиледи.

Элчи Өмүрбек Текебаев Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасында каралган санариптик сомду ишке киргизүүдө германиялык технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады.

Бул маселелерди Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтеринде жана ведомстволорунда талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын «Bundesdruckerei GmbH» компаниясынын өкүлдөрүнө баруу жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Связанный пост