Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, бир күн мурун Бишкекке келген Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) Президенти Джанни Инфантинону кабыл алды. Кыргыз футболун өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстандын футбол инфраструктурасын жакшыртуу маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы Джанни Инфантинону жылуу тосуп алып, аны Эл аралык футбол федерациясынын президенти кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктап, дүйнө жүзү боюнча футболду […]Читать далее
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгын майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Иш-чара конституциялык өнүгүү тарыхына арналган фильмди көрсөтүү менен башталды. Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө Кыргызстандын конституциялык мамлекеттин түзүлүшүндө маанилүү роль ойногон көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлерин белгилеп, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, Т. Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынганынын 30 жылдыыгна арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысынын сөзү: “Урматтуу кыргызстандыктар! Салтанаттуу жыйындын кадырлуу катышуучулары! Ардактуу меймандар! Бүгүн биз өлкөбүз үчүн өтө маанилүү окуяны – легендарлуу парламент катары тарыхта калган Жогорку Советтин 12-чакырылышы тарабынан кабыл алынган көз […]Читать далее
«Манас» эл аралык аэропортунда 2023-жылдын 4-майында эл аралык футбол федерациясынын президенти Джанни Инфантинону салтанаттуу түрдө тосуп алышты. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропаорту” ААКнун басма сөз кызматы билдирди. Чет элдик конокту Кыргыз футбол союзунун (КФС) башчысы Медербек Сыдыков тосуп алды. Кыргызстанга болгон биринчи сапарында Джанни Инфантино өлкө президенти Садыр Жапаров менен жолугушат. Коргоо министрлигинин башчысы […]Читать далее
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча КЕҢЕШинин биринчи отуруму болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Жыйынга КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, КРнын экономика жана соода министринин орун басары Чоро Сейитов, облустун прокурору Таалайбек Касымбеков, жергиликтүү […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-майда, Б.Т. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына барды. Мамлекет башчысы академиянын учурдагы абалы менен таанышып, тактап айтканда, футбол жана жеңил атлетика аянтчасын, машыгуу залдарын, ачык спорт аянтчаларын көрүп чыгып, академиянын спорттук базасы менен таанышты. Президентке жеңил атлетика, футбол, күрөш, стол тенниси боюнча машыгуу процессин өткөрүүгө […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын спорттук күрөш (грек-рим, эркин күрөшү, кыз-келиндер күрөшү) боюнча курама команда Анталия шаарында (Түркия) өткөн “Victory Cup and Champions” Эл аралык мелдешинде 11 медаль (3 алтын, 3 күмүш, 5 коло) жеңди. Мелдеш 29-апрелде башталып, 4-майга чейин уланууда. Кыз-келиндер күрөшү боюнча (U-20) 59 кг салмакта катышкан Таңчолпон Кабылова жана 62 кг салмак категориясында Калмира Билимбекова […]Читать далее
Кореядагы 38-эл аралык туристтик SITF көргөзмөсүнүн жүрүшүндө Кыргызстан тууралуу презентация жасалды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду билдирди. Бүгүн, 4-майда көргөзмөдө улуттук павильондун ачылышы болду. Ага Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова жана ардактуу консул Ким Хо Сенг катышты. Андан соң Кыргызстандын туристтик потенциалы тууралуу 15 мүнөттүк презентация жасалды. “Презентация англис жана корей тилинде даярдалды. Корей тилинде […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу курулуп жаткан көп кабаттуу батирлердин курулушу менен таанышты. Анда Министрлер Кабинетинин Төрагасы мурдагы № 47 түзөтүү колониясынын аймагындагы турак жай кичи районунун курулушу менен таанышты. Белгилей кетсек, бул аймакка көп кабаттуу үйлөрдөн, мектеп жана бала бакчадан турган турак жай […]Читать далее
Президентинин Ош облусундагы өкүлү “Эркештам” көзөмөл-өткөрмө пунктунун нейтралдуу аймагында Кызыл-Суу
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев “Эркештам” кыргыз-кытай көзөмөл-өткөрмө пунктуна иш сапары менен барды. Күндүн биринчи жарымында Эльчибек Джантаев бажы, чек ара жана транспорт кызматтарынын ишмердүүлүгү менен танышып, 4 сызыктуу унаа жол курулуучу тилкесин жеринен көрдү. Ошондой эле, Финансы министри А.Бакетаев менен биргеликте чакыртылган министрликтердин жана мекеме-ишканалардын тиешелүү кызматкерлери, областтык жана […]Читать далее