Президент Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын абалы менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-майда, Б.Т. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына барды.

Мамлекет башчысы академиянын учурдагы абалы менен таанышып, тактап айтканда, футбол жана жеңил атлетика аянтчасын, машыгуу залдарын, ачык спорт аянтчаларын көрүп чыгып, академиянын спорттук базасы менен таанышты.

Президентке жеңил атлетика, футбол, күрөш, стол тенниси боюнча машыгуу процессин өткөрүүгө арналган манеж академиянын студенттери жана башка масштабдуу иш-чаралар үчүн 1976-жылы пайдаланууга берилгени тууралуу маалымат берилди. Бүгүнкү күндө анын абалы заманбап санитардык-гигиеналык талаптарга жооп бербейт, спортчуларды даярдоо үчүн заманбап шаймандар жок, колдогусу кейиштүү абалда.

Бул жерде буга чейин эч кандай оңдоо иштери өткөрүлгөн эмес.

Президент Садыр Жапаров академиянын футбол жана жеңил атлетика аянтчасын толук капиталдык ремонттон өткөрүүгө каражат таап, аны быйылкы жаңы окуу жылынын башталышына заманбап талаптарга жооп берип, студенттер үчүн эң ыңгайлуу шарттары менен боло тургандай кылып бүткөрүүнү тапшырды.

Связанный пост