Кореядагы эл аралык туристтик SITF көргөзмөсүндө Кыргызстан тууралуу презентация жасалды

Кореядагы 38-эл аралык туристтик SITF көргөзмөсүнүн жүрүшүндө Кыргызстан тууралуу презентация жасалды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду билдирди.

Бүгүн, 4-майда көргөзмөдө улуттук павильондун ачылышы болду. Ага Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова жана ардактуу консул Ким Хо Сенг катышты.

Андан соң Кыргызстандын туристтик потенциалы тууралуу 15 мүнөттүк презентация жасалды.

“Презентация англис жана корей тилинде даярдалды. Корей тилинде видеоролик көрсөтүлдү. Анда Кыргызстан, анын туристтик потенциалы, туристтик багыттар тууралуу маалымат берилди. Андан тышкары, быйыл август айында өтө турган блогерлердин эл аралык IBF International фестивалы тууралуу айтып бердик”, – дейт Фонддун вице-президенти Кайрат Итибаев.

Учурда аталган фестивалга Кореянын эки блогери катышууга кызыкдар экенин билдирди.

Ошондой эле, иш-чарага “Гүлшайыр” кыргыз диаспорасынын мүчөсү катышууда. Анын Кореяда кыргыз өнүмдөрүн саткан дүкөнү бар. Павильондун эки жерине аталган дүкөндө сатылган азык-түлүк, бал, чайдын түрлөрү, коньяк, шоколад сыяктуу кыргыз продукциялары коюлган. Көргөзмөгө келгендер кыргыз өнүмдөрүн кызыгуу менен сатып алууда.

Павильон Кыргыз Республикасынын туусу түшүрүлүп, боз үйгө окшоштурулуп, төрт тарабы ачык жасалган. Анын аянты 36 чарчы метрди түзөт.

Фонддун колдоосу менен көргөзмөгө катышуу үчүн Кыргызстандан 8 туроператор барган.

Связанный пост