Бишкекте тигүү цехтери текшерилүүдө

 Бишкекте тигүү цехтери текшерилүүдө

Биринчи май районунун аймагында тигүү цехтери текшерилүүдө.

Акимчиликтин, көрктөндүрүүнү көзөмөлдөө инспекциясынын, салык кызматынын, МАБдын жана «Тазалык» ишканасынын кызматкерлеринен турган комиссия Ош жана Абдрахманов көчөлөрүн бойлой 5тен ашык тигүү цехтерин кыдырды.

Максаты – кийим-кече жана башка калдыктарды чыгаруу боюнча келишим түзүлбөгөн тигүү цехтерин аныктоо. Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуулар табылган жок.

Мындай рейддик иш-чаралар тигүү цехтери «Тазалык» МИси менен таштандыларды чыгаруу боюнча келишим түзгөнгө чейин уланат.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн таштанды чыгаруу кызматына тариф таштандынын 1 куб метри үчүн 225 сом же КНС эсепке алуу менен 252 сом өлчөмүндө каражатты түзөт.

Связанный пост