“Ала-Тоо” жаңы конушундагы №82 мектептин кошумча имараты ачылды

 “Ала-Тоо” жаңы конушундагы №82 мектептин кошумча имараты ачылды

“Ала-Тоо” жаңы конушундагы №82 орто мектепте кошумча имарат ачылды. Салтанаттуу иш чарага борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева, КР Жогорку Кеңешинин депутаты Жаныбек Абиров, Ленин районунун акими Русланбек Тагаев катышты.

Жаңы имарат 150 орунга ылайыкталган. Анда комуз, бий, вокал, саймачылык «чебер», «мураскер» ийримдери иштейт.

Мектепти «Бийик KG» ЖЧКсы жана «AT Empire» ЖЧК подряддык уюмдары курду.

Связанный пост