«Тазалык» ишканасынын кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлөт

 «Тазалык» ишканасынын кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлөт

Бишкек шаарынын мэриясы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын катуу таштандыларды чыгаруу бөлүмүнүн жумушчуларын, тактап айтканда жүктөгүчтөрдүн эмгек акысын көтөрдү. Акыркы айда эмгек акы 2000 сомго көбөйтүлдү. Бул акча 15-августта 127 КТК ташуучуга чегерилет. Ошондой эле жетекчилик айлыктарды август айында көтөрүүнү пландоодо.

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө 9 унаа оңдолуп бүттү. Учурда борбордо 48 атайын техника иштеп жатат.

Ошондой эле, Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн кошумча жерлер аныкталды. Буга байланыштуу кошумча 60 даана контейнер сатып алуу пландалууда.

Связанный пост